2017-жылга карата Бишкек шаарынын деталдуу планын иштеп чыгуу каралып жатканын Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары Нарзулла Кошбаков билдирди. Аны шаардын кызматтары талкуулап, шаардык кеңештин депутаттары менен Бишкек шаар мэри бекитиши мүмкүн.
Жаңы долбоордун макетине ылайык, шаарда 10дон ашык айрылыш жолдор салынат. Азырынча планда шаардын борбордук жана батыш бөлүгү гана бар. Долбоордогу негизги иш Медеров көчөсүн Панфиловдон Жумушчулар шаарчасына чейин узартуу болуп саналат. Тынчтык проспектиси менен Медеров көчөсүнүн кесилишинде үй айрылыш жол курулат. Ушундай эле айрылыш жол Некрасов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине салынат.
Белгилей кетсек, бул макет болжолдуу гана долбоор, ага кошумча жана алымча кириши мүмкүн.

Шабдан баатыр проспектиси менен Горький көчөсүндөгү эстакадалык көпүрө

Шабдан баатыр проспектиси менен Горький көчөсүнүн жакындан көрүнүшү

Мэрия имаратынын арт жагына дагы бир имарат куруу пландалууда

Мэриянын көрүнүшү жана Чүй проспектисине курулушу пландалган комплекс

Комплекстин Киев көчөсү тарабынан көрүнүшү

Токтоналиев/Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилиши. Жалпы көрүнүш

Токтоналиев көчөсүнөн Жаманбаев көчөсүнө бурулуш. Жакындан көрүнүш

Некрасов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн көрүнүшү жана Лев Толстойдон Жаш Гвардияга бурулган жер

Лев Толстой көчөсүнүн Жаш Гвардия тарабынан көрүнүшү

Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн жумушчулар шаарчасына чейин узартылат. Медеров көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде үч айрылыш жол курулат

Медеров/Тынчтык проспектиси. Жакындан көрүнүшү

Малдыбаев/Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилиши