Өткөн кылымдардагы кыргыздардын сүрөттөрү. Бай менен томояк. Өргөө менен алачык
Өткөн кылымдардагы кыргыздардын сүрөттөрү. Бай менен томояк. Өргөө менен алачык
Sputnik Кыргызстан
Улуттук кийимдер, сөйкө-чачпактар жана кылымдардан бери жашап келген боз үй боюнча Sputnik Кыргызстан архивдик сүрөттөрдүн топтомун сунуш кылат. Манаптар менен... 17.01.2016, Sputnik Кыргызстан
Улуттук кийимдер, сөйкө-чачпактар жана кылымдардан бери жашап келген боз үй боюнча Sputnik Кыргызстан архивдик сүрөттөрдүн топтомун сунуш кылат. Манаптар менен кедейлер октябрь революциясына чейин кандай эле…
Сүрөттөр өткөн кылымдын башында тартылган. Анда элдин оюнда "ак падышанын" тактан кулай турганы боюнча үмүтү да болгон эмес. Калк өз жашоосун баштан кечирип, манаптары манчыркап, жармачтары эптеп жан багып күндөр адатынча агыла берген.
Төмөндө "1899-жылдагы көргөзмөдөгү Түркстандык сүрөттөр" деп аталган музейлик коллекция.
Кыргыз элинин кийимдеринин өзгөчөлүгүнө көчмөндүк жашоо образы эле эмес, катаал климат да таасир эткен. Сүрөттөгү балдар кийип турган малакай менен кишилердин башындагы тебетей абдан жылуу болгон. Ал эми жылуу болуш үчүн береги кийип турган чапандардын ортосуна пахта салып, шырып тигишкен
Бул оокаттуу жердин кызы экендигин башындагы тебетейи, мойнундагы шуру-мончоктору жана кийип турган чапанынан боолголосок туура болчудай. Беш көкүл өрүлгөн чачы менен капкара каштары көзгө дароо урунат
Байлар менен манаптардын кыз-келиндери түркүн-түстүү жибек баштаган баалуу кездемелерден тигилген көйнөк-чапандарды кие турган. Сүрөттөгү атластан тигилген чапанчан жана анын жанындагы аял күмүш, баалуу таштардан жасалган чач уштуктар менен отурат. Башындагы элечекке караганда, кыязы булар түштүк аймактын жашоочулары
Орто жашаган кыргыздардын аялдары менен кыздарынын кийими өзгөчө бапестеп тигилген эмес. Ашыкча кооздолбостон, көйнөк, чапан жана баш кийимден турган. Албетте, колундагы оокатына карап, күмүштөн же ар кыл таштардан жасалган чолпу, чач уштук тагынышкан. Береги сүрөттөгү кичинекей кыздан башында – үкү топу. Кичинекейлерге шырылган чапандар кийгизилген
Сүрөттөн XX кылымдын аягында жашаган кыргыздардын эркектеринин, аялдарынын, балдарынын кийингенин жана боз үйдүн ичин көрө алабыз. Төрдө жууркандар жана саймаланган оокат жыйылып турат. Отурган аялдын белдемчиси кештеленип сайылып, мыкты уздун колунан чыккандыгы көрүнүп турат