https://sputnik.kg/20261016/1104325170.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барды. Бул туурасында "Ынтымак ордо" билдирди. Президентти учактын тепкичинен Армениянын... 16.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-16T11:00+0600
2026-10-16T11:00+0600
2026-10-16T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/10/1104325002_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0cbb3a14d91955fe6a8ccd2235404142.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барды. Бул туурасында "Ынтымак ордо" билдирди. Президентти учактын тепкичинен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аба майдандын аймагына кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилип, Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинди. Эске салсак, расмий сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча өтүүдө. Сапардын жүрүшүндө Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Буга чейин аталган кызматты 2022-жылдан бери Актилек Мусаева аркалап келген. 47 жаштагы Айзада Субакожоева БГУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн, кийин Кытайдагы Пекин университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Кытай жана англис тилдерин билет. Эмгек жолун дипломатиялык чөйрөдө улантып, Тышкы иштер министрлигинде, Кытайдагы элчиликте жана президенттин аппаратында иштеген. 2018–2021-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Кыргызстандан орун басары — Маалымат жана талдоо департаментинин директору кызматын аркалаган.
“Дөөлөт курулуштун” компаниясынын үйлөрү эки жылда толук бүтөт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев компаниянын “Кудайберген” турак жай комплексинде үлүш ээлери менен жолугушкан учурда айтты. Министр батирлердин чарчы метринин баасы боюнча да түшүндүрмө берди. Айтымында, мурдагы 750 долларлык баа менен токтоп калган курулушту аягына чыгаруу мүмкүн эмес. Бардык чыгымдарды эсептегенде баа 1000 доллардан да ашып кетмек. Министр банкроттук абалга келген компаниянын токтоп калган курулушун кайра жандандырып, толук бүткөрүү чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Ошондой эле үлүш ээлеринин буга чейин төлөгөн каражаттары кайра эсептелип чыгарын айтты. Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилеринде курулуш иштерин жандандыруу аракеттери 2026-жылдын февраль айында башталган.
Кыргызстандыктар "Евразия" эл аралык сыйлыгынын үч номинациясында жеңүүчү болуп, дагы экөө экинчи орунду ээледи. 16 жаштагы Алия Султамуратова Илимдеги кыздар тууралуу долбоору менен "Евразия" сыйлыгын жеңип алды. Сыйлыкка STEM Kyz Kyrgyzstan коммерциялык эмес билим берүү долбоору менен катышты. Долбоор өлкөнүн каалаган аймагындагы мектеп окуучуларына профессорлор менен PhD-изилдөөчүлөрдүн арасынан насаатчы табууга жана STEM-билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Биринчи жылы долбоорго 16 өлкөдөн 13-25 жаштагы 4590дон ашуун кыз-келиндер кошулуп, 38 профессор жана эксперт насаатчы болду. Элина Янкова "Жүрөктүн чакырыгы менен" номинациясында жеңди. Долбоор "Камкордук каттамы" деп аталат. Ал — Бишкекте онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдар үчүн акысыз трансфер кызматы. Химиотерапиядан кийин балдарда иммунитети дээрлик болбойт, андыктан коомдук транспортто жүрүү кооптуу. Ошондуктан балдар бөтөн адамдары жок таза автоунааларда ташылат.
Президент Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барды. Бул туурасында "Ынтымак ордо" билдирди. Президентти учактын тепкичинен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аба майдандын аймагына кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилип, Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинди. Эске салсак, расмий сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча өтүүдө. Сапардын жүрүшүндө Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Буга чейин аталган кызматты 2022-жылдан бери Актилек Мусаева аркалап келген. 47 жаштагы Айзада Субакожоева БГУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн, кийин Кытайдагы Пекин университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Кытай жана англис тилдерин билет. Эмгек жолун дипломатиялык чөйрөдө улантып, Тышкы иштер министрлигинде, Кытайдагы элчиликте жана президенттин аппаратында иштеген. 2018–2021-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Кыргызстандан орун басары — Маалымат жана талдоо департаментинин директору кызматын аркалаган. “Дөөлөт курулуштун” компаниясынын үйлөрү эки жылда толук бүтөт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев компаниянын “Кудайберген” турак жай комплексинде үлүш ээлери менен жолугушкан учурда айтты. Министр батирлердин чарчы метринин баасы боюнча да түшүндүрмө берди. Айтымында, мурдагы 750 долларлык баа менен токтоп калган курулушту аягына чыгаруу мүмкүн эмес. Бардык чыгымдарды эсептегенде баа 1000 доллардан да ашып кетмек. Министр банкроттук абалга келген компаниянын токтоп калган курулушун кайра жандандырып, толук бүткөрүү чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Ошондой эле үлүш ээлеринин буга чейин төлөгөн каражаттары кайра эсептелип чыгарын айтты. Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилеринде курулуш иштерин жандандыруу аракеттери 2026-жылдын февраль айында башталган. Кыргызстандыктар "Евразия" эл аралык сыйлыгынын үч номинациясында жеңүүчү болуп, дагы экөө экинчи орунду ээледи. 16 жаштагы Алия Султамуратова Илимдеги кыздар тууралуу долбоору менен "Евразия" сыйлыгын жеңип алды. Сыйлыкка STEM Kyz Kyrgyzstan коммерциялык эмес билим берүү долбоору менен катышты. Долбоор өлкөнүн каалаган аймагындагы мектеп окуучуларына профессорлор менен PhD-изилдөөчүлөрдүн арасынан насаатчы табууга жана STEM-билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Биринчи жылы долбоорго 16 өлкөдөн 13-25 жаштагы 4590дон ашуун кыз-келиндер кошулуп, 38 профессор жана эксперт насаатчы болду. Элина Янкова "Жүрөктүн чакырыгы менен" номинациясында жеңди. Долбоор "Камкордук каттамы" деп аталат. Ал — Бишкекте онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдар үчүн акысыз трансфер кызматы. Химиотерапиядан кийин балдарда иммунитети дээрлик болбойт, андыктан коомдук транспортто жүрүү кооптуу. Ошондуктан балдар бөтөн адамдары жок таза автоунааларда ташылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/10/1104325002_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f9aa56a3479f09b031d64bf04eb9aef3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио