БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектеги Ахунбаев менен Дүйшөмбү көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ата-Түрк" паркында карагайлар отургузулуп жатканын мэрия билдирди.
"Зеленстрой" ишканасынын маалыматы боюнча жалпы жонунан 240 бак отургузулат. Алардын бийиктиги эки метрге жетип, тогуз жаштагы карагайлар экени белгилүү болду.
Көчөттөр Каракол шаарындагы токой чарбачылыгынан алып келинген.