БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Башталгыч класстын мугалимдери билим берүүнүн жаңы стандарттарын үйрөнөт. 5-январда атайын окутуу өз ишин баштаганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Окутуу кышкы каникул маалында 3 цикл менен өтүп, башталгыч класстын 10 миңдей мугалими билимин жогорулатат. Ошондой эле, мектептин окуу бөлүмүнүн башчылары да катышат.
Окутуу иш чарасынын ачылышына катышкан билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымова учурда билим берүү системасын реформалоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Ошондой эле, билим берүүдөгү ыкмалардын өзгөргөнүнөн улам мугалимдерди окутуп, киргизилген өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу муктаждыгы турганын кошумчалады.