БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Нигериянын түндүк-чыгышындагы шаарга "Боко Харам" радикалдык тобу кол салып, анын кесепетинен 15 киши каза болду. Бул туурасында Ассошиэйтед Пресс окуяга күбө болгондорго таянып маалымат берди.
Согушкерлер жүк ташыган үч автоунаага түшүп келип, Дувари айылынан алыс эмес жердеги казармага ок чыгарган. Бир нече имараттар өрттөнүп, ал эми аскерлер согушкерлерди токтотуу максатында ок чыгарганда беркилер жардыргыч затты иштетип жиберген. Окуяга күбө болгондор ошол жерден эле бир нече аскерлер курман болгондугун айтып беришкен.
Агенттик акыркы алты жыл ичинде "Боко Харам" жыйырма миңге чукул адамдын өмүрүн алгандыгын жазган.
"Боко Харам" радикалдык тобу Нигериянын түндүк-чыгышында өз өкүмүн жүргүзүп келет. Террорчулар бир нече ири, кандуу терактыларды жасаган. Алар мунусун Нигерия, Чад жана Камерун өлкөлөрүндөгү аларга каршы жасалган аскердик компанияга жооп иретинде жасадык деп билдирип келишет.