БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата соттун токтому менен учетто турган 476 жаранга мунапыс берилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, мында 99 аял менен жашы жете элек 18 өспүрүм эркиндикке чыкса, калгандарынын жаза өтөө мөөнөтү кыскарган.
Мунапыска кабылган жарандарды жайгаштырып, иш менен камсыз кылуу үчүн ЖАМК мекемелери алардын жашаган жериндеги ички иштер бөлүмдөрүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кабардар кылат.
ЖАМК Аялдарга жана өспүрүмдөргө карата мунапыс жараяны 24-декабрга чейин аяктай турганын белгилейт.