Муфтият: ислам терминин террордук аракеттерде колдонуу акылга сыйбайт

Жазылуу
Террордук жана зөөкүрлүк иштерди жасагандарга исламчылар деген аныктаманы колдонуу туура эмес. Себеби, ислам дининде бирөөгө залал келтирип, өмүрүн алгандар эч качан макталган эмес.

БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. "Ислам террористтери", "Ислам мамлекетти", "исламчылар" деген терминдерди динди жаманатты кылып колдонбоо керек. Ар бир нерсени атынан атап, адам өмүрүн алган жаман жолдорго баргандарды зөөкүр же террорист деп атынан атоо зарыл. Мындай пикирин Муфтияттын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов дин жана терроризм тууралуу болгон тегерек столдо билдирди.

Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Элдик демилге": дин аалымдарына кол салгандарга жаза күчөтүлүшү керек
Белгилей кетсек, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун ислам мамлекетине эч кандай тиешеси жоктугун дин аалымдары белгилешет. Дүйнөлүк бир катар Жалпыга маалымдоо каражаттары террордук уюмду "Ислам мамлекети" деп эмес, ДАИШ деп атоону сунушташууда.

Эргешов, дин, терроризм жана экстремизм тууралуу окуяларга дин боюнча илими бар адистер гана жооп бериши керектигин айтат. Себеби, дин боюнча толук түшүнүгү жок, терроризм менен динди ажырата билбеген эксперттер элге туура эмес маалымат берип жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле, кишинин сырткы көрүнүшүнө же анын кандайдыр бир өзгөчөлүгүнө карата – сакал коюп, хиджап кийгени үчүн басмырланбашы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0