БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Душанбе — Хорог унаа жолунда жер титирөөдөн улам таш кулап, анын кесепетинен бир адам каза болгонун расмий тастыктады.
"Кырсыкка дагы эки унаа кабылган, бирок бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен шашылыш түзүлгөн жумушчу комиссия Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна жөнөп кетти.
Күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө дүйшөмбү күнү саат 12.55те болгон. Силкинүүнүн очогу аталган аймакта — Душанбеден 357 чакырым жана Сарез көлүнөн 22 чакырым алыстыкта катталган. Тажикстандын борбор калаасында жер титирөө 3-4 баллдык болуп сезилген.
Кечээ, 7-декабрь күнү Кыргызстанда жарым сааттын ичинде эки ирет жердин силкинүүсү катталган. Биринчисинин очогу Тажикстанда болсо, экинчи силкинүүнүн очогу Нарындын Жумгал районунда жайгашканы маалымдалган.