Абдрахматов: акыркы зилзалалар Непалдагы жер титирөөнүн кесепеттери

Жазылуу
Дүйшөмбүдө үч жолу жер титиреп, алардын эпицентри Тоолуу Бадахшанда (Тажикстан) жана Нарын облусунда болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, курмандыктар жана кыйроолор жок.

Жер титирөөнүн себептери, афтершоктор жөнүндө Sputnik менен маегинде КРдин Улуттук Илимдер Академиясынын сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов айтып берди. Анын пикиринде, бул силкинүүлөр апрель айында Непалда 10 миң адамдын өмүрүн алып кеткен жер титирөөнүн серпиндиси. 

— Канат Ермекович, эмне үчүн бизде мынча көп жер титирей баштады?

— Бүгүн бизде жер бир топ эле катуу титиреди, анын эпицентри Тажикстанда болуп, толкуну бизге жетти. Башкача айтканда, Нарындагы эпицентр Кара-Кечеден алыс эмес жер алдында силкинүүлөрдү жаратты. Алардын күчү 5 баллга жетти.

— Кыргызстанда жыл сайын акырындап жер титирейт. Быйыл канча силкинүү катталды?

Аппарат сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Жумгалдык жашоочу: жер катуу силкингенде башым айланып, столго жата калдым
— Биздин статистика боюнча, республикада жыл сайын 3,5 миң жер титирөө болот, бирок быйыл биз рекордго баратабыз. 7 миң катталды! Бул үстүбүздөгү жыл, айрыкча, анын аягы сейсмикалык жактан активдүү болушу менен байланышкан жана алсыз да, күчтүү да силкинүүлөр көбөйөт. Натыйжасы — Ошто ноябрдын ортосундагы катуу жер титирөө, ошондой эле кайталанган силкинүүлөр. Бүгүнкү күн да сейсмикалык жактан активдүү болду.

— Бул эмнеге байланышкан?

— Жалпы жонунан айтканда, бул быйыл апрелде болгон Непалдагы жер титирөөнүн серпиндиси. Ал узак, бирок жердин өзүндөгү активдүүлүк мына ушундай натыйжаларды берет. Сейсмология институту ошондо эле, жазында, ошол катуу табигый кырсыктын кесепеттери жөнүндө эскерткен. Эми, мына, биз алдын ала божомолдогондой болуп чыкты. 

— Жылдын аягына чейин дагы күчтүүрөөгү күтүлөбү? 

— Эч нерсе болбойт деген үмүттөмүн, бирок кырдаал бүгүнкүдөй болушу мүмкүн. Силкинүүлөрдүн эпицентри Тажикстанда болуп, толкуну бизге жетти. Кайсы бир алыста боло турган кийинки жер титирөө бул жакка жетпейт деп эч ким кепилдик бербейт. Биз мындай божомолдоолорду жасай албайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0