ӨКМ: биринчи жер титирөөнүн күчү Ошто 4, ал эми Бишкекте 3 баллга жетти

© AFP / FREDERICK FLORINЖер титирөөнүн графиги. Архив
Жер титирөөнүн графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.52де болду. Силкинүүнүн очогу Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында катталган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Очогу Тажикстанда катталган биринчи жер титирөө Ошто MSK-64 шкаласы боюнча 4, ал эми Бишкек шаарында 3 баллдык болуп сезилгенин өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Мухаммед Сваров Sputnik агенттигине билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча силкинүүнүн очогу Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында катталган. Болжолдуу магнитуда 7,2 ге жетти (бул MSK-64 шкаласы боюнча 8 баллдан жогору болуп саналат).

"Кыргызстанда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", — деди Сваров.

Жарым саат өтпөй экинчи жер титирөө катталды. Анын очогу Жумгал районундагы Миң-Куш айылынан 40 чакырым алыстыкта болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0