БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 2014-2015-жылдын жыйынтыгы менен жана 2008-2012- жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда тигүү тармагынын көлөмү кыйла кыскарганын Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди.
Өндүрүштүн жалпы көлөмү орточо эсеп менен 2013-2014-жылга карата 4,1 пайызды түзүп, тигүү продукциясынын көлөмү 17,1 пайызга кыскарып, экспорту 19 пайызга төмөндөгөн. Расмий билдирүүгө ылайык, өткөн жылы 5,2 миллиард сомдук продукция өндүрүлсө, 2012-жылы бул көрсөткүч 9,5 миллиард сомду түзгөн.
"Өндүрүштүн көлөмүнүн азайышына Кыргызстандын негизги рыногу болгон Казакстан менен Россиядан суроо-талаптын кыскарышы таасир этти", — деп айтылат билдирүүдө.
2015-жылдын аягына карата Кыргызстандагы текстилдик өндүрүштүн абалы начар бойдон калууда. Учурда бул тармакта эмгектенгендердин саны болгону бир нече миң адамды түзөт.
"Өндүрүш толугу менен кездеменин, керектүү буюм-тайымдардын Кытай, Түркия, Индия жана башка чет өлкөлөрдөн импорттолушунан көз каранды. Бүгүнкү күндө тигүү продукциясынын 95 пайызы экспортко кетип, 5 пайызы гана ички рынокту тейлейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеме кыргызстандык продукциянын сапаты ISO 9001 сыяктуу эл аралык стандартка жооп бербей турганын белгилейт.
"Сапат Кыргызстанда жасалган" деген бренддин алдында өндүрүлгөн продукциянын дароо эле төмөнкү деңгээлдеги товар катары кабыл алынышын шарттайт. Учурда кыргызстандык товар жалпы массага багытталып, жогорку стандартты талап кылбай, көп учурда бир соода марка менен кетүүдө. Мындан улам россиялык дистрибьютерлер "Кыргызстанда жасалган" деген бирканы кесип салып, россиялык, белоруссиялык же польшалык товар катары сатууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик тигүү тармагынын начарлашына рентабелсиздик, товар айлантууга каражаттын аздыгы, инвестициянын жоктугу, техникалык жабдуунун эскириши жана ички сырье базасынын кыскарышы себеп экенин айтууда.
Учурда аталган мекеме тарабынан тигүү тармагын калыбына келтирип күчтөндүрүү үчүн "Кыргызстанда жасалган" деген брендди өнүктүрүү жана аны укуктук жактан коргоо, тоскоолдуктарды анализдөө, кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн товар сертификациялоосун жеңилдетүү сыяктуу аракеттер көрүлүүдө.
"Мындай аракеттер алдыдагы үч жыл аралыгында тигүү өндүрүшүн 10 миллиард сомго чейин чыгарат деген ишеним бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, республикада "Кыргызстанда жасалган" деген марканын алкагында ЕАЭБ жана башкы тышкы рынокто орун алган өз алдынчалуу бренддердин санын көбөйтүү пландаштырылууда.