Атактуу режиссер Эльдар Рязанов 89 жашында каза болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАтактуу режиссер Эльдар Рязанов. Архив
Атактуу режиссер Эльдар Рязанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссердун дүйнө салганын небереси Дмитрий Трояновский билдирди.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Белгилүү режиссер 89 жашында каза болгонун РИА Новости маалымдады.

"Ал дүйнөдөн кайтты", — деди небереси Дмитрий Трояновский.

Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Талгат Асыранкулов көз жумду
Акыркы жылдары Рязанов бир канча жолу ооруканага жатып чыккан. Өткөн жылдын ноябрь айында ал Бурденко атындагы илим изилдөө институтуна оор абалда алып келинген. 2015-жылдын январь айында ооруканадан чыккан.

2015-жылдын август айында ал Бакулев ооруканасына жаткан. Анын жүрөгү кармап, инфаркт болгону маалымдалган, бирок, жакындары буларды жокко чыгарган. Сентябрь, октябрь айында ал пландык дарылоодон өткөн. 21-ноябрда Рязанов кайтадан Москвадагы клиникалардын бирине жатканы маалымдалган.

Эльдар Рязанов бир гана режиссер эле болбостон сценарист, актер, теле алып баруучу, жазуучу, акын, драматург жана продюсер болгон.

Анын "Старики-разбойники", "Невероятные приключения итальянцев в России", "Ирония судьбы, или с легким паром", "Служебный роман", "Вокзал для двоих", "Гараж" жана башка кинолору менен элге таанымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0