БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Мамлекет өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун сактоого милдеттүү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып жатып билдирди.
Жолугушууда катчы өлкө башчысына терроризмге каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу, чек ара көзөмөлүн күчөтүү жана стратегиялык объектилерди коргоо боюнча жасалган аракеттер тууралуу маалымат берди.
Атамбаев дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам терроризм менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча кескин чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.
"Мамлекет өлкө жана анын жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоого милдеттүү", — деди президент.
Өлкө башчы Кыргызстан терроризмге каршы күрөшүү боюнча бүт аракеттерди көрө турганын кошумчалады.