Ошол кездеги абал жана Акаевдин Кыргызстандын президенттикке кандай жагдайда шайлангандыгы туурасында ошол кездеги легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер жана окумуштуу Жамин Акималиев Sputnik маалымат сайтына төмөнкүчө айтып берди.
"Кезексиз сессияга чогулдук. Биздин алдыбызда эркиндик алгандан кийин президентти кандай жол менен шайлоо туурасындагы маселе турду. Жогорку Кеңешти жалпы эл шайлай турганы түшүнүктүү болду. Анан президентти ким шайлайт деген суроодо эки ача пикирлер жаралып, бир катары эл шайласын десе, экинчилери Жогору Совет чечиши керектиги айтылып, акыркы вариант жеңип кетти", — деди ал.
1990-жылы депутаттардын алдында журт башы, улуттун лидери ким болот деген суроо жаралып, ал орунга улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду ылайыкташып, бирок, ал баш тартыптыр.
"Президентти шайлоо боюнча мыйзам кабыл алдык. Аны кабыл алуу анча татаал болгон жок, кептин баары кимди президент кылабыз дегенде чыкты. Алгач, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду шайлайлы деп, ал кишиге Москвага чалсак, ал баш тартты. Анда улуттун лидери катары кимди көрөсүз, кимдин талапкердигин сунуштайт элеңиз деген сурообузга Аскар Акаевдин фамилиясын атады. Кыргыз Улуттук илимдер Академиясын жетектеп турган Акаев ошентип, легендарлуу парламенттин колдоосу менен президент болуп шайланып калган. Албетте, андан башка талапкер да болгон, бирок, Акаев көпчүлүк добуш менен өтүп кетти", — деди Акималиев.
1991-жылдын 12-октябрында эми депутаттар эмес, эл шайлоо өткөрүп, 93,3 пайыз менен Акаев президент болуп шайланган. Ал элдин атынан мандат алгандан кийин, жалпы элдик референдум менен 1994-жылы мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары бекитилген. 1995-жылы 24-декабрда президенттикке экинчи мөөнөт менен шайланган.
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Акаев кол тийбестигинен жана мурдагы президент статусунан ажыратылган.
Учурда Акаев Москва шаарында Москва мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштейт.
![Депутат, Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев СССРдин эл депутататтарынын IV съездинде президиумунда отурат. Депутат, Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев СССРдин эл депутататтарынын IV съездинде президиумунда отурат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/68/1019646891_0:0:2735:2048_600x0_80_0_1_de91b5032385fe10563c5a636938768e.jpg)
![Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев менен СССР президенти Михаил Горбачев. Кремлдин съезддер сарайы. Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев менен СССР президенти Михаил Горбачев. Кремлдин съезддер сарайы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/69/1019646989_0:0:3000:2041_600x0_80_0_1_470a9d1703a3424b5e2fbf3f8321e441.jpg)
![РСФСРдин президенти Борис Ельцин жана Кыргызстандын президенти Аскар Акаев россиялык делегациянын Кыргызстанга мамлекет аралык кызматташуу боюнча келишим түзүүгө келген учурунда. 23.07.1991-ж. РСФСРдин президенти Борис Ельцин жана Кыргызстандын президенти Аскар Акаев россиялык делегациянын Кыргызстанга мамлекет аралык кызматташуу боюнча келишим түзүүгө келген учурунда. 23.07.1991-ж. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/70/1019647046_0:0:3013:2047_600x0_80_0_1_2da5b0604a07800e7e79599cd77ea57b.jpg)
![Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 1991-жылдын 21-декабрында көз карандысыз 11 мамлекеттин, мурдагы союздук республикалардын КМШны түзүү боюнча протоколуна кол коюшкан. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 1991-жылдын 21-декабрында көз карандысыз 11 мамлекеттин, мурдагы союздук республикалардын КМШны түзүү боюнча протоколуна кол коюшкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/71/1019647146_0:0:2342:2048_600x0_80_0_1_fe571925a89634c17afaf4eb162c2bd2.jpg)
![Акаевдердин үй-бүлөсү түшкү тамак учурунда. 01.01.1992-жыл. Акаевдердин үй-бүлөсү түшкү тамак учурунда. 01.01.1992-жыл. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/72/1019647243_0:0:3065:2047_600x0_80_0_1_032d8004f1026583a31bc009937f58b6.jpg)
![Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 06.07.1992-жыл Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 06.07.1992-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/73/1019647339_0:0:2804:2048_600x0_80_0_1_ca1991792adeba4e8e9cc19002d5bb70.jpg)
![Түрк тилдүү мамлекеттердин жана өкмөт башчыларынын 1992-жылдын 30-31-октябрында өткөн жыйында. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Туркмөнстандын башчысы Сапармурат Ниязов, Өзбекстан лидери Ислам Каримов, Кыргызстан президенти Аскар Акаев. Түрк тилдүү мамлекеттердин жана өкмөт башчыларынын 1992-жылдын 30-31-октябрында өткөн жыйында. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Туркмөнстандын башчысы Сапармурат Ниязов, Өзбекстан лидери Ислам Каримов, Кыргызстан президенти Аскар Акаев. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/74/1019647400_0:0:3049:2048_600x0_80_0_1_e064799ddc449275efa677c00cdf15c6.jpg)
![Солдон оңго Кыргызстан президенти Аскар Акаев, РФ башчысы Владимир Путин, Белоруссия лидери Александр Лукашенко, Казакстан башчысы Нурсултан Назарбаев, Тажикстан президент Эмомали Рахмонов жыйындан кийин. 23.05.2000-жыл. Солдон оңго Кыргызстан президенти Аскар Акаев, РФ башчысы Владимир Путин, Белоруссия лидери Александр Лукашенко, Казакстан башчысы Нурсултан Назарбаев, Тажикстан президент Эмомали Рахмонов жыйындан кийин. 23.05.2000-жыл. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/75/1019647574_0:0:3000:2016_600x0_80_0_1_35dd9f1e1761cd3008785666139e3e3b.jpg)
![Дүйшөмбү шаарында РФ президенти Владимир Путин жана Кыргызстан президенти Аскар Акаев “Шанхай бешилтигинин” башчыларынын жолугушуусунда. Аталган уюмга анда Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон. 05.07.2000. Дүйшөмбү шаарында РФ президенти Владимир Путин жана Кыргызстан президенти Аскар Акаев “Шанхай бешилтигинин” башчыларынын жолугушуусунда. Аталган уюмга анда Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон. 05.07.2000. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/77/1019647748_0:0:3143:2048_600x0_80_0_1_e28b0923693b589aa7c509d30289619f.jpg)
![Өлкө президент Кыргызстан Аскар Акаев жанын анын аялы Майрам Акаева. Өлкө президент Кыргызстан Аскар Акаев жанын анын аялы Майрам Акаева. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/78/1019647806_0:0:2986:2048_600x0_80_0_1_7647d2e9132615e799f7ca8d218769bb.jpg)
![Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери Аскар Акаев, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Эмомали Рахмонов. Алар Борбор азиялык аймактын мамлекет башчыларынын кызматташуусунун келечегин жана Афганистандагы абалды талкуулаган жыйындан кийин. 06.07.2002-жыл Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери Аскар Акаев, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Эмомали Рахмонов. Алар Борбор азиялык аймактын мамлекет башчыларынын кызматташуусунун келечегин жана Афганистандагы абалды талкуулаган жыйындан кийин. 06.07.2002-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/79/1019647916_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_72a23bfa3654340a258f0ed01783e20a.jpg)
![Ысык-Көл облусуна кеткен жолдогу айылдардын биринде. 03.06.2004-жыл Ысык-Көл облусуна кеткен жолдогу айылдардын биринде. 03.06.2004-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/80/1019648002_0:0:3279:2048_600x0_80_0_1_234f39c04d2552565e48b0cb1b500734.jpg)
![Аскар Акаев жана Россиянын премьер-министри Михаил Фрадков менен КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында. 16.04.2004-жыл. Аскар Акаев жана Россиянын премьер-министри Михаил Фрадков менен КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында. 16.04.2004-жыл. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/81/1019648138_0:0:2355:2048_600x0_80_0_1_c768364e9f5c4f3dcbab4cd30308b8f3.jpg)
![Россиянын биринчи мамлекет башчысы Борис Ельцинди акыркы сапарга узатуу учуру. Топурак салып жаткан мурдагы президент Аскар Акаев, ага удаа Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри, азыркы президенти Алмазбек Атамбаев турат. Бул Акаев марттагы ыңкылапта Кыргызстандан качып кеткенден эки жылга чукул убакыттан кийин тартылган сүрөт. 25.04.2007-жыл. Россиянын биринчи мамлекет башчысы Борис Ельцинди акыркы сапарга узатуу учуру. Топурак салып жаткан мурдагы президент Аскар Акаев, ага удаа Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри, азыркы президенти Алмазбек Атамбаев турат. Бул Акаев марттагы ыңкылапта Кыргызстандан качып кеткенден эки жылга чукул убакыттан кийин тартылган сүрөт. 25.04.2007-жыл. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/83/1019648305_0:0:1413:2048_600x0_80_0_1_99edb49072031287333a786c359aac02.jpg)
![Аскар Акаев Санкт-Петербургда физика илимине арналган эл аралык симпозимда. Нобель сыйлыгынын лауреаты (оңдон биринчи, экинчи планда), Россиянын илимдер академиясынын вице-президенти Жорес Алферов кесиптештеринин куттуктоолорун кабыл алууда. 16.03.2010-жыл. Аскар Акаев Санкт-Петербургда физика илимине арналган эл аралык симпозимда. Нобель сыйлыгынын лауреаты (оңдон биринчи, экинчи планда), Россиянын илимдер академиясынын вице-президенти Жорес Алферов кесиптештеринин куттуктоолорун кабыл алууда. 16.03.2010-жыл. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101964/85/1019648511_0:0:2855:2048_600x0_80_0_1_3828050053e014060f5c76dc587e18a6.jpg)