Ошол кездеги абал жана Акаевдин Кыргызстандын президенттикке кандай жагдайда шайлангандыгы туурасында ошол кездеги легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер жана окумуштуу Жамин Акималиев Sputnik маалымат сайтына төмөнкүчө айтып берди.
"Кезексиз сессияга чогулдук. Биздин алдыбызда эркиндик алгандан кийин президентти кандай жол менен шайлоо туурасындагы маселе турду. Жогорку Кеңешти жалпы эл шайлай турганы түшүнүктүү болду. Анан президентти ким шайлайт деген суроодо эки ача пикирлер жаралып, бир катары эл шайласын десе, экинчилери Жогору Совет чечиши керектиги айтылып, акыркы вариант жеңип кетти", — деди ал.
1990-жылы депутаттардын алдында журт башы, улуттун лидери ким болот деген суроо жаралып, ал орунга улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду ылайыкташып, бирок, ал баш тартыптыр.
"Президентти шайлоо боюнча мыйзам кабыл алдык. Аны кабыл алуу анча татаал болгон жок, кептин баары кимди президент кылабыз дегенде чыкты. Алгач, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду шайлайлы деп, ал кишиге Москвага чалсак, ал баш тартты. Анда улуттун лидери катары кимди көрөсүз, кимдин талапкердигин сунуштайт элеңиз деген сурообузга Аскар Акаевдин фамилиясын атады. Кыргыз Улуттук илимдер Академиясын жетектеп турган Акаев ошентип, легендарлуу парламенттин колдоосу менен президент болуп шайланып калган. Албетте, андан башка талапкер да болгон, бирок, Акаев көпчүлүк добуш менен өтүп кетти", — деди Акималиев.
1991-жылдын 12-октябрында эми депутаттар эмес, эл шайлоо өткөрүп, 93,3 пайыз менен Акаев президент болуп шайланган. Ал элдин атынан мандат алгандан кийин, жалпы элдик референдум менен 1994-жылы мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары бекитилген. 1995-жылы 24-декабрда президенттикке экинчи мөөнөт менен шайланган.
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Акаев кол тийбестигинен жана мурдагы президент статусунан ажыратылган.
Учурда Акаев Москва шаарында Москва мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштейт.