Financial Times: "Путиндин сириялык гамбити" АКШнын айласын түгөттү

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСириянын аскер кызматкери. Архив
Сириянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирия маселесинде Владимир Путиндин саясаты батыш лидерлери үчүн күтүүсүз болуп, дүйнөлүк аренада Россиянын ролун эске салды деп жазат Financial Times.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин дүйшөмбүдө БУУнун Башкы ассамблеясына жасай турган кайрылуусу ушунчалык катуу кызыгууну жаратып жатканын Financial Times (FT) жазат. Басылманын айтымында, дүйнөлүк лидерлердин биринин да аталган уюмда сүйлөгөн сөзүнө мынчалык көңүл бурулган эмес. 

Түркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: РФ, Түркия, АКШ жана Иран Сириянын маселесин бирге чечиши керек
Басылманын божомолунда, Путин "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөштө Россиянын жардамын сунуш кылуу менен "укмуштай чоң дипломатиялык кадам" жасайт. Сирияга Россиянын аскер техникасы берилип жатышы бул божомолду ырастоодо деп эсептейт FT.

Гезиттин пикиринде, Россиянын Сирияда активдүүлүгүнүн күч алышы Путинге "Россияны кайра дүйнөлүк аренадагы оюнчу катары көрсөтүүгө" мүмкүнчүлүк берди. Ал эми АКШ президенти Барак Обаманын орус лидери менен жолугушууга макулдук бериши "Путин Вашингтондун көзгө илбей коё турган кишиси эмес экенин" далилдеди деп айтылат макалада. 

"Өз кесиптештери үчүн күтүүсүз болгон Путиндин сириялык гамбити ал ийкемдүү тактик экенин дагы бир жолу көрсөттү", — деп жазат FT. 
Басылманын пикиринде, Сирия маселеси боюнча Россиянын жасап жаткан кадамдары – чоң тобокелчилик, бирок алар бир топ максаттарга төп келет. 
Москва Сириянын президентин, жок дегенде, анын кетиши жөнүндө макулдашуу болмоюнча колдогону турат. Эгер ал күч менен алына турган болсо, Россия Иракта Саддам Хусейн же Ливияда Муаммар Каддафи кулатылгандан кийинки башаламандыкты болтурбоого аракет жасайт. 

Андан тышкары, Москва Жакынкы Чыгышта өз таасирин сактап калууга, ошондой эле Сириянын Тартус порт шаарындагы өзүнүн аскер-деңиздик базасын коргоого умтулат. "Ислам мамлекети" менен күрөшүү Россия үчүн Түндүк Кавказда бүлгүн салышы мүмкүн болгон экстремизм жана терроризм коркунучун эске алганда да чоң мааниге ээ. Террористтерге каршы күрөштө Москванын кызыкчылыгы Вашингтондуку менен үндөш деп белгиленет макалада. 

"Путин "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө да, болочоктогу саясий теске салуу аракеттеринде да АКШ Россияны Сириядагы өзүнө тең оюнчу катары кабыл алышын каалайт", — деп эсептейт Москвадагы Карнеги борборунун башчысы Дмитрий Тренин.

Военнослужащий правительственной армии Сирии ведет огонь из пулемета. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Gazeta Wyborcza: Россия АКШны "сириялык капканга" түшүрдү
Бир катар эксперттердин пикири боюнча, Батыш менен кызматташууда Москва Украина маселеси боюнча да макулдашууга жетишүү ниетинде. "Киев америкалык жана, негизгиси, европалык шериктештери Сириядан качкындардын агымын токтотуу үчүн келишүүчүлүккө барышы мүмкүн деп кооптонууда", — деп жазат FT.

Financial Times (Файнэншл таймс) дүйнөнүн 24 өлкөсүндө англис тилинде басылып чыга турган гезит. Ал 1888-жылы негизделген жана башкы редакциясынын штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан. 

The Times, The Guardian жана башка гезиттер менен катар Financial Times дүйнөнүн эң сапаттуу жана көп тарыхты башынан кечирген басылмалардын катарына кирет. Гезиттин кызыктуу өзгөчөлүгү – ал дайыма саргыч түстөгү кагазга басылып чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0