БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Шор-Булак ашуусунун аймагында мыйзамсыз аң улап, чек араны бузган адам кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Ат-Башы районунун Калинин айылынын жашоочусу айдап жүргөн унаадан тоо текенин 20 килограмм эти жана каттоодон өткөн 16 миллиметр калибрлүү ИЖ-18 аң улоочу мылтык табылган.
Документтер толтурулган соң кармалган адам жана унаадагы эт тийиштүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.