БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 52 жаштагы жаран "Актилек-автодорожный" көзөмөл пункту аркылуу Казакстанга бара жаткан жеринен кармалган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аталган адам укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.