БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Сот жообуна тартылган-тартылбаганын аныктоо үчүн Ички иштер министрлигине Борбордук Шайлоо комиссиясынан Жогорку Кеңешке депутат болууну каалаган 14 саясий партиянын тизмеси келип түшкөн.
4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого 14 саясый партия катышат.
Тизме боюнча ИИМ тарабынан жалпысынан 2210 киши текшерилген.
- Анын ичинен 234 киши кылмыш жоопкерчилигине тартылса, алардын 53үнө сот чечими чыгарылган эмес.
- 15 киши ИИМдин атайын каттоосунда турат.
- Үч кишиге издөө салынган.
Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгондордун текшерилгени боюнча маалымат БШКга жөнөтөлдү.