БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү беш күнгө токтой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, газ 26-31-август күндөрү Жаш Гвардия, Жибек Жолу проспекти, Алма-Ата жана БЧК көчөлөрү менен кесилишкен, ошодой эле Орозбеков, БЧК, Эркиндик менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүктөрүнө берилбейт.
Ишкана газдын өчүрүлүшү түтүктөрдөгү газдын чыккан жерлерин оңдоо максатында болуп жатканын эскертет.