БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочулар Астана шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катыша турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 21-31-август күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан төрт спорт чебери Омар Бестаев, Владимир Золоев, Бектур Рысмамбетов жана Нагира Сарбашева катышат. Мындан тышкары, команданын курамында эл аралык класстагы спорт чеберлери Чыңгыз Мамедов менен Юрий Краковецкий да бар.
Кыргыз командасы башкы машыктыруучу Абдразак Шаршеновдун жетекчилиги алдында барат.