"Танк биатлону" — дүйнө чемпионаты танк экипаждарынын жана аскер техникасынын ичинен мыктыларын тандап алуучу эл аралык сынак болуп эсептелет. Россиянын Коргоо министрлиги негиздеген мелдешти 2013-жылдан бери өткөрүп, башка мамлекеттер менен аскердик кызматташууну чыңдоо максатын көздөйт.
Ага мыкты деген 12 танкачыдан турган Кыргызстандын төрт экипажы катышып жатат.

Танка биатлону боюнча дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандын танкачылары да катышууда. Башкы штабдын өкүлүнүн пикиринде, 2-айлампанын жыйынтыгы боюнча алганда, биздин команданын жарым финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Чемпионаттын эрежесине ылайык, бул оор техникалар жеке жана эстафеталык жарышка чыгып жатат.

Жүргөн жолдордун татаалдыгынан улам, чемпионат учурунда танка оодарылып кеткен учурлар болду. Мындай окуяга Армениялык экипаж кабылды.

Кыйын жолдордон өтүү үчүн адамдын акылына эмнелер гана келбейт. Бир ишенгениң — темир тулпарың.

Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан бул танкалар үчүн суу коркунучтуу деле тоскоолдук эмес. Анткен менен, мелдеш учурунда бирөө өчүп калып, анын жарышын даяр турган экинчиси улантып кетти.

Танкалардын жарышына аскерий жетекчилер дүрбү менен тыкыр байкоо салып турушат.

Өргө чыгуу — жолдогу бир топ татаал деген учурлардын бири.

Бул темир тулпарлар саатына 80-90 чакырым жол басат. Мелдеш Москванын алдында Алабинодо 15-августка чейин өтөт.
