БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Сокулук районуна караштуу Ново-Пакровка айылынын тургуну үйүндө баңгизатын сактаганын Чүй облусунун ИИББдин баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгы аныктады.
Башкармалыктын кызматкерлери жергиликтүү пенсионердин үйүн тинтүүгө алганда 1 килограмм 381 грамм кара куурайды табышкан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.