19 жаштагы кыз рулду башкара албай, машина ала салып, 2 киши каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя шейшемби күнү, 7-июлда түнкү саат 10.30дар чамасында Бишкек – Торугарт кан жолунун 72 чакырымында болгон.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. 19 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну "Honda Odyssey" автоунаасын айдап баратып, рулду башкара албай, машина ала салып кеткен. Натыйжада эки жаран каза болуп, үч жаран жабыркаган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен Бишкек шаарынын 19 жаштагы эки тургуну окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочу жана эки жүргүнчү оор жаракат алып, жакынкы аймактык ооруканага жеткирилгин. Жол кырсыгына кабылгандардын баары 1996-жылы туулгандар.

Экспертиза белгиленип, окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0