БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Кыргызстанда "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) түзүлө турганы жөнүндө Sputnik агенттигине Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо башкармалыгынын адиси Айдар Жанузаков билдирди.
Андан тышкары, киреше деңгээли ипотекалык насыя берүү шарттарына туура келбеген жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй шарттар иштелип чыгат:
- "Баштапкы төлөмдү\үстөк пайызды субсидиялоо";
- "Жеткиликтүү ипотека";
- "Ижаралык турак-жай".
Өкмөт турак-жайдын "жеткиликтүүлүгүн" төмөнкүдөй критерийлер менен аныктайт:
- Турак-жай көлөмү — 36-70 чарчы метр;
- Толук даяр үйдүн баасы — бир чарчы метр үчүн 300-600 АКШ доллары улуттук акча менен, жайгашкан жерине жараша (калк отурукташкан жер канчалык ири болсо, ошончолук кымбат);
- Баштапкы төлөм — 0-30 пайыз (киреше деңгээлине, субсидиянын бар-жогуна жараша)
- Үстөк төлөм 10-12 пайыз;
- Ипотека мөөнөтү 5-15 жыл;
- Төлөө шарты — ар бир айда бирдей өлчөмдө.
Жанузаковдун айтымында, компания жакынкы арада иштей баштайт. Каржылоо булактары азырынча аныктала элек, бирок компаниянын ишине 10 миллион сом бөлүнгөн.
"Сариев өкмөттүн отурумунда МИКти каржылоо булагы боюнча маселени талкуулайт. Компания үчүн ар жылдык капиталдаштыруу 150 миллион сом көлөмүндө каралган. Республиканын бюджети, кыязы, кайра каралат", — деди министрликтин өкүлү.
Каржылоонун дагы бир булагы Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик болот. Мындан тышкары, каржылоо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында да жүрөт.
"Бардык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилет, бул коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алып, аталган банктардын ипотекалык насыялар боюнча үстөк пайыздарын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет," — дейт адис.
Экономика министрлиги үстүдөгү жылдын бюджетине МИК үчүн каражат каралбагандыгын, келерки жылдарга карата алдын ала божомолдоолордо да социалдык ипотекалык насыялоо үчүн азырынча каражат жоктугун белгиледи.
"Бул турак-жай менен камсыз кылууда жарандарга чыныгы каржылык колдоо гана көрсөтпөстөн, мамлекеттик органдарда кадрлардын тез алмашууларын жоюп, үй-бүлө мамилелерин бекемдеп, коомдо социалдык курчтукту азайтат жана банктар менен иш берүүчү уюмдардын кошумча каржы ресурстарын, жарандардын жеке каражаттарын турак-жай тармагына тартууга өбөлгө болот", — деди ал.
Мындан тышкары, келечекте жаңы иш орундары пайда болушу мүмкүн.
"Көпчүлүктүн жеке турак-жайы жок же эскилиги жеткен начар үйлөрдө турат. Өлкөдө калктын жеке турак-жай сатып алганга акчасы жок. Бир тармактын өнүгүүсү дагы башка тармактардын бутуна турушуна түрткү боло алат", — деди Ажыгул.
Эксперт КР мамлекеттин эсебинен каржыланган ипотекалык компания түзүү боюнча аракети ишке ашпай калганын эске салды.
"Жакынкы арада мындай каржылоо жүргүзүүгө мамлекеттин акчасы бар-жогун, өлкөнүн бюджетинде каражат каралган-каралбаганын айкын билүү керек. Бирок эң башкысы, бул компания шайлоо алдындагы кезектеги куру убада болуп калбаса болду", — деди Ажыгул.
Эксперт, КМУнун "Каржы жана кредит" факультетинин деканы Адиля Абдиева Кыргызстанда жеке турак-жай маселеси айрыкча жаштардын жана орто курактагылардын арасында курч экенин белгиледи.
"Бизде жыл санап ата-энелери менен бирге жашаган же убактылуу батирлерде турган дарыгерлер, мугалимдер, башка кызматкерлер толтура. Анткени алардын тапканы үй сатып алганга жетпейт. Орточо кирешелүү адамдар да турак-жайды дароо сатып алмак түгүл, коммерциялык банктан ипотека алганга араң каражат топтошот", — деди финансист.
Абдиева бул көрүлө турган чара жеке менчик куруучулардын үй баасын түшүрүшүнө шарт болот деп эсептейт.
"Азыр суроо-талаптан сунуш көп болгонуна карабай, баалар мудагыдай эле жогору. Курулуш компаниялары "элиталык класстагы" үйлөрдү куруунун эсебинен көбүрөөк пайда табууга аракет кылгандыктан, үйдүн баалары кымбат. Эгер мамлекет жер аянттарынын баасын түшүрсө, мүмкүн, курулган үйлөрдүн баасы да төмөндөмөк", — деп божомолдойт Абдиева.
Андан тышкары, МИК өлкөнүн банк системасын ипотекалык насыяларды кайра каржылоонун жардамы менен жарандардын турак-жай сатып алышына өбөлгө болот.