Президент Атамбаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусунда
Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев менен Пан Ги Мун биргелешип жүргүзүп жаткан иштерге канааттангандыгын билдиришип, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында эки тараптын кызматташуусу жакшы өрчүп жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, регионалдык жана эл аралык маселелердин актуалдуу аспектилери козголду.

ТИМ Пан Ги Мундун Ошко боло турган иш сапарынын максатын айтты
Алмазбек Атамбаев менен Пан Ги Мун биргелешип жүргүзүп жаткан иштерге канааттангандыгын билдиришип, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында эки тараптын кызматташуусу жакшы өрчүп жаканын белгилешти.

БУУнун Башкы катчысы Кыргызстандын шайлоо процесстерин ачык-айкын өткөрүүдөгү, парламентаризмди өнүктүрүүдөгү жана демократиялык кайра түзүүлөрдү алдыга жылдыруудагы жетишкендиктерин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү жана бекемдөө, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү, шайлоо жана сот системаларындагы реформаларды жүзөгө ашыруу боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен БУУнун агенттиктеринин ортосундагы мындан аркы кызматташуу өлкөнүн жана жалпы Борбордук Азия регионун өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына шайкеш келет деген ишенимин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0