00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ахунбаев көчөсүндө жарылган суу түтүгү жүз миңдеген доллар зыян келтирген

© Акылбек БатырбековСуу түтүгүнүн жарылганда алдында калган автоунаа. Архив
Суу түтүгүнүн жарылганда алдында калган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ахунбаев көчөсүндө суу түтүгүнүн жарылып,ага жакын жайгашкан дүкөндөрдүн имараттары менен автоунаалар жабыр тарткан. Ишкерлерге келтирилген зыян жүз миңдеген долларга бааланууда.

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы жабыр тарткан дүкөндөр менен автоунаа ээлерине келтирилген зыянды эсептеп жаткандыгы туурасында Sputnik кабарчысына компаниядан билдиришти.

Дүйшөмүдө Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн аймагында салынган суу түтүгү жарылып кеткен. Андан атылып чыккан суунун бийиктиги алты кабаттуу үйдүн төбөсүнө жеткен.

Samsung дүкөнүнө ээлик кылуучу Ultra компаниясынын өкүлү Эмиль Дурдин белгилегендей, түтүктүн жарылышы алып келген зыян алдын ала эсептөөлөр боюнча 300 миң долларды түзөт.

"Баалоо комиссиясы биздин мүлк боюнча акыркы сумманы эсептеп жатат. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы чыгашанын ордун төлөп берүүгө милдеттенүүдө", — деди Дурдин.

Ал күнүмдүк тиричилик техникасы сатылуучу дүкөн эч эрежелерди бузуусуз курулгандыгын белгилеп, авария болгонуна "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы толук жооптуу экендигин айтты.

"Биздин билишибизче, авариялуу кырдаал пайда болбошу үчүн бардык коммуникациялар бетон кутулар менен жабылышы керек. Ал жерде мындай калканыч жок болуп чыкты", — деди жабыр тарткан дүкөндүн өкүлү.

"Народный" соода борборунун өкүлү Сергей Фабрикантовдун айтымында,  авариядан супермаркетке келтирилген зыян боюнча экспертиза жүрүп жатат.

"Компаниянын адистери "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын өкүлдөрү менен бирге иштеп жатат. Келтирилген зыяндын толук көлөмүн биз азырынча билбейбиз", — деди Фабрикантов.

Ал компания "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын үстүнөн сотко арыз берүү маселесин карай электигин билдирди.

"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын директору Эркин Абдыкалыков кабарлагандай, бардык жабыр тарткан автоунаалар келтирилген зыянды баалап аныктоо үчүн компаниянын унаа токтоочу жайына жеткирилген.

"Машина ээлери менен биз жолуктук, азыр аларды кандайча калыбына келтирүүнү чечип жатабыз", — деди компания башчысы.

Суу түтүгүнүн жарылуусунан келип чыккан чыгымды "Бишкекжылуулуктармагы" көтөрөт
ААК суунун атылышынан катуу жабыр тарткан Ахунбаев көчөсүндөгү №94/1 турак үйүнүн фасадын да кайра калыбына келтирет.

Жабыркаган "Народный", Samsung жана "Форум" дүкөндөрүнүн мүлкүнө келтирилген зыянды баалоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, ал жабыр тарткан тарап менен бирге керектен чыккан мүлктүн жалпы баасын эсептеп чыгат. 

Авариянын натыйжасында үч батирди суу каптап, дагы төрт батирдин айнеги талкаланган, "Народный" соода борбору, Samsung дүкөнү жана "Форум" эмерек салонуна зыян келтирилген. "Народный" соода борборунун жабуусу түшүп калган. Ошондой эле авариядан бир BMW, эки Toyota Ipsum жана бир Volkswagen Passat автоунаалары жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0