00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нарышкин: КРдин ЕАЭБге кирүү боюнча келишимдер ратификациясын жакын арада карайбыз

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен РФтин Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен РФтин Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спикер Жээнбеков Мамдума төрагасы менен жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында жүрө турган мөөнөтүн узартууну, РФ аймагына кирүүнү чектөөнү алып салуу жагынан көмөк көрсөтүүнү суранды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков расмий иш сапар алкагында 26-майда Москва шаарында РФтин Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жана парламент аралык өнөктөштүктү талкуулады. Жолугууда Нарышкин ЕАЭБ боюнча келишимдер ратификациясын жакын арада карап чыгууга аракет кылышаарын билдирди.

Төрага Жээнбеков Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдикке кошулуу тууралуу бардык процедуралардын аягына чыкканын айтып,  биримдикке кошулуу боюнча документтерди РФ Мамдумасынан эртерээк ратификациядан өткөрүүгө чакырды. Кыргыз парламентинин жетекчиси бул тууралуу тиешелүү катты Нарышкинге тапшырды. 

"Кыргызстандын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрө турган мөөнөтүн узартуу, РФ аймагына кирүүнү чектөөнү алып салуу жагынан көмөк көрсөтүшүңүздү суранабыз. Ал эми чек ара бекеттерин жаңы шартка ыңгайлаштырыш үчүн 200 млн. доллардын бөлүнүшү маанилүү иш болду", — деди Жээнбеков. 

Ал 1 млрд. долларлык капиталы бар эки тараптуу өнүктүрүү фондунун ишин жүзөгө ашыруу өтө орчундуу экенин кошумчалады. 

Төрага Жээнбеков баштаган ЖК делегациясы Москвада жүрөт
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биргелешкен ири энергетикалык долбоорлордун ишин тездетүү, стратегиялык өнөктөш болгон "Газпром" ишканасынын жардамы менен Кыргызстандын газ өткөрүү тутумун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Камбар-Ата-1 ГЭСин биргеликте курууну жакынкы аралыкта жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы белгиленди. Буга улай Кыргызстандын армиясын күчтөндүрүш үчүн Россия тарабынан көмөк көрсөтүлгөнүнө төрага ыраазычылыгын билдирди. 

Мамдума төрагасы Нарышкин ЕАЭБ боюнча келишимдер ратификациясын жакын арада карап чыгууга аракет болуп жатканын айтты. 

"Биз дайыма Кыргызстанды колдойбуз. Кыргызстандын ЕАЭБге киришин кубануу менен кабыл алдык. ЕАЭБ боюнча келишимдерди ратификациялоону чукул арада карап чыгууга аракет кылабыз", — деди Мамдуманын төрагасы.

Нарышкин "Кыргызстан-Россия" өнүктүрүү фонду олуттуу долбоорлорду ишке киргизиши керек" деген оюн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0