Видеону тартып алган Бакыт Мукамбетовдун айтымында, 12-май күнү өспүрүм троллейбуска жабышып алып, бир канча аялдамага чейин барган.
"Мен деле муну капысынан тартып алдым. Мындайды Бишкекте биринчи жолу көрүп жатам", — деди ал.
Өспүрүмдүн мындай аракетин Жол кайгуул кызматы бейбашчылык катары баалап, аны мындай жоругу үчүн административдик жоопкерчиликке тартса боло турганын белгилешти.