Коңшу мамлекетке жылкыларды айдап өтүүгө аракет кылган казакстандыктар кармалды

Жазылуу
Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар УКМКнын Талас облусу боюнча кызматкерлерине тапшырылат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Үч жылкыны Казакстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган казакстандык жарандар кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган окуя 15-майда  Талас облусунун Манас районундагы Кара-Арча айылынан алыс эмес жерде болгон.

Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар УКМКнын Талас облусу боюнча кызматкерлерине тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0