БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы Энелер күнүнө карата майрамдык салтанат уюштуруп жатат. Ага Ош шаарындагы 300дөн ашуун баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар, калаа жетекчилиги жана вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышат.
Иш-чаранын алкагында энелерге баалуу белектер тапшырылып, эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа тартууланат.