БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 18-майдан 23-майга чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарына газ берүү убактылуу токтотула турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, газ берүүнү токтотуу жер алдындагы газ куурларын оңдоп калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу.
Газ өчүрүлө турган аймактар:
- Жаш Гвардия бульвары, Можайск, Манас көчөлөрү жана Чоң Чүй канал аймагы
- Манас, Саадаев, Чоң Чүй каналы көчөлөрү, Каражыгач багы
- Беломорский, Малышев, Чоң Чүй каналы, Жибек Жолу проспектиси
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздыкты жарандардан түшүнүү менен кабыл алуусун суранат.