Философия илимдеринин доктору Рахат Ачылова дүйнөдөн өттү

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүМемориал "В память о жертвах терроризма" на Дубровке
Мемориал В память о жертвах терроризма на Дубровке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рахат Ачылова 1941-жылы Баткен облусундан төрөлгөн. Ал 150дөн ашык илимий эмгектин автору.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова 74 жашында каза болду.

Ачылова, Рахат 1941-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1966-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын аяктаган.

Көп жылдар боюнча Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер институтутун ректору, Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Айыл чарба институтунун кафедра башчысы болуп иштеген.

Ачылова илимий эмгектерин негизинен үй-бүлөлөрдүн өсүп-өнүгүүсү, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролу, маданиятын, изилдөөгө арнаган. 

Анын 150дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган. Анын ичинен 3 монографиясы да жарык көргөн. 2 докторлук жана 11 кандидаттык диссертациянын жетекчиси болгон.

"Ардак белгиси” ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.


Жаңылыктар түрмөгү
0