"Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн – жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат. «Күн» деген сөздөн мааниси кыргыз тилинде өтө кеңири: 1. планета; 2. убакыт бирдиги; 3. өмүр ж. б. Күнөстүү Кыргызстан – өлкөбүз башка элдерге дал ушундай ат менен белгилүү.
Кырк – кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк+гуз (кырк уруу), кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн ж. б. Күндүн толтосуна кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн элеси түшүрүлөт. Түндүк – адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөндүү тарыхтын, бекем биримдиктин символу. Түндүк көтөрүү – өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктөн сүрөттөлүшү болсо, элде айтылган «төгөрөктөн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң» деген парадоксалдуу чалкар философиялык түшүнүктө сыпаттап турат", — деп түшүндүргөн желектин негизги автору, маркум Сабыр Иптар уулу.
Андан сырткары желекти иштеп чыгууга Сабыр Иптар уулунан сырткары Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков катышкан.