Кыргызстандын тарыхындагы мамлекеттик туу

Жазылуу
Өлкөбүздүн мамлекеттик туусу чымкый кызыл кездемеден жасалып, анын ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын төспөл күндөн, анын толтосуна кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.

"Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн – жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат. «Күн» деген сөздөн мааниси кыргыз тилинде өтө кеңири: 1. планета; 2. убакыт бирдиги; 3. өмүр ж. б. Күнөстүү Кыргызстан – өлкөбүз башка элдерге дал ушундай ат менен белгилүү.

Кырк – кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк+гуз (кырк уруу), кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн ж. б. Күндүн толтосуна кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн элеси түшүрүлөт. Түндүк – адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөндүү тарыхтын, бекем биримдиктин символу. Түндүк көтөрүү – өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктөн сүрөттөлүшү болсо, элде айтылган «төгөрөктөн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң» деген парадоксалдуу чалкар философиялык түшүнүктө сыпаттап турат", — деп түшүндүргөн желектин негизги автору, маркум Сабыр Иптар уулу.

Андан сырткары желекти иштеп чыгууга Сабыр Иптар уулунан сырткары  Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков катышкан.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУлуттук Гвардиянын жоокерлери Мамлекеттик тууну көтөрүп жатат.
День государственного флага Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
1/22
Улуттук Гвардиянын жоокерлери Мамлекеттик тууну көтөрүп жатат.
© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүБишкектин жаш тургундары борбордук "Ала-Тоо" аянтына мамлекеттик туу менен Ак калпак күнүн майрамдоо үчүн чогулду.
День государственного флага и День белого колпака в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
2/22
Бишкектин жаш тургундары борбордук "Ала-Тоо" аянтына мамлекеттик туу менен Ак калпак күнүн майрамдоо үчүн чогулду.
© AFP / ANDREJ ISAKOVICСочидеги 2014-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын делегациясы келе жатат
Церемония открытия зимних Олимпийских игр в городе Сочи. - Sputnik Кыргызстан
3/22
Сочидеги 2014-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын делегациясы келе жатат
© AFP / MENAHEM KAHANAКыргыз спортчусу Данияр Көбөнов 2010-жылдын 22-ноябрында Гуанчжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндарында жеңишке жетишкен ирмемдер. Анда спортчу грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль утуп, Кыргызстандын намысын дүйнөлүк аренада коргоп, ак калпак менен кыргыздын байрагын дагы бир ирет тааныткан.
ХVI Азиатские игры в Гуанчжоу, 22 ноября 2010 года - Sputnik Кыргызстан
4/22
Кыргыз спортчусу Данияр Көбөнов 2010-жылдын 22-ноябрында Гуанчжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндарында жеңишке жетишкен ирмемдер. Анда спортчу грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль утуп, Кыргызстандын намысын дүйнөлүк аренада коргоп, ак калпак менен кыргыздын байрагын дагы бир ирет тааныткан.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКРдин Улуттук Гвардиясынын жоокерлери Бишкектин борбордук аянтында.
Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
5/22
КРдин Улуттук Гвардиясынын жоокерлери Бишкектин борбордук аянтында.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБорбордук "Ала-Тоо" аянтында Мамлекеттик туу боюнча майрамдык иш-чаранын катышуучулары.
Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
6/22
Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Мамлекеттик туу боюнча майрамдык иш-чаранын катышуучулары.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO2008-жыл, 25-ноябрь. Америкалык Ганси атындагы аба-аскердик базанын кызматкери КР тарапка гуманитардык жардам тапшыруу салтанатынан кийин желекти чогултуп жатат.
Военная база Ганси - Sputnik Кыргызстан
7/22
2008-жыл, 25-ноябрь. Америкалык Ганси атындагы аба-аскердик базанын кызматкери КР тарапка гуманитардык жардам тапшыруу салтанатынан кийин желекти чогултуп жатат.
© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАтайын даярдыктагы "Скорпион" тобунун жоокерлери Кант шаарындагы ЖККУнун аба базасында. Сүрөт ЖККУ күчтөрүнүн аталган базасынын Кыргызстанда ачылгандыгынын 10 жылдыгына карата иш-чарада тартылган.
10-летие открытия базы ОДКБ в городе Кант в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
8/22
Атайын даярдыктагы "Скорпион" тобунун жоокерлери Кант шаарындагы ЖККУнун аба базасында. Сүрөт ЖККУ күчтөрүнүн аталган базасынын Кыргызстанда ачылгандыгынын 10 жылдыгына карата иш-чарада тартылган.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOНааразычылык акциясына чыккан аялдын көз айнегине чагылган желек.
Ситуация в Кыргызстане  24 марта 2005 года - Sputnik Кыргызстан
9/22
Нааразычылык акциясына чыккан аялдын көз айнегине чагылган желек.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучусу борбордук "Ала-Тоо" аянтында.
Ситуация в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
10/22
2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучусу борбордук "Ала-Тоо" аянтында.
© AFP / TALANT SHABIEV2005-жылдын 24-мартында Ак Үйдүн үстүнө оппозиция тарапкерлери митинг учурунда тууну сайып жатышат.
Ситуация в Кыргызстане 24 марта 2005 года - Sputnik Кыргызстан
11/22
2005-жылдын 24-мартында Ак Үйдүн үстүнө оппозиция тарапкерлери митинг учурунда тууну сайып жатышат.
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖалал-Абад облусунун жашоочулары Элдердин Достугу Университетинин имаратынын жанындагы митингде.
Ситуация в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
12/22
Жалал-Абад облусунун жашоочулары Элдердин Достугу Университетинин имаратынын жанындагы митингде.
© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЫсык-Көл облусунун аймагындагы "Кумтөр" алтын кенине жакын жайгашкан Тамга жана Барскоон айылдарынын жашоочулары ызы-чуу учурунда жүк ташуучу автоунаанын үстүндө отурат.
Массовые беспорядки в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
13/22
Ысык-Көл облусунун аймагындагы "Кумтөр" алтын кенине жакын жайгашкан Тамга жана Барскоон айылдарынын жашоочулары ызы-чуу учурунда жүк ташуучу автоунаанын үстүндө отурат.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO2010-жыл, 10-апрель. Апрель окуясында курман болгондорду Бишкектин чекесиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берүү учуру.
Похороны погибших во время массовых беспорядков 7 Апреля 2010 года - Sputnik Кыргызстан
14/22
2010-жыл, 10-апрель. Апрель окуясында курман болгондорду Бишкектин чекесиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берүү учуру.
© AFP / MAXIM MARMUR Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык учурунан бир көрүнүш. Шайлоо участкалардын биринде.
Выборы в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
15/22
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык учурунан бир көрүнүш. Шайлоо участкалардын биринде.
© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда добуш берип жаткан ак калпкачан аксакал.
Конституционный референдум в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
16/22
Өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда добуш берип жаткан ак калпкачан аксакал.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO2011-жыл, 1-декабрь. Кыргыз Республикасынын шайланган президенти Алмазбек Атамбаев инаугурация учурунда Мамлекеттик тууну өөп жаткан учуру.
Церемония инаугурации Алмазбека Атамбаева на пост Президента Кыргызской Республики, Бишкек, 1 декабря 2011 года - Sputnik Кыргызстан
17/22
2011-жыл, 1-декабрь. Кыргыз Республикасынын шайланган президенти Алмазбек Атамбаев инаугурация учурунда Мамлекеттик тууну өөп жаткан учуру.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАт үстүндө шамалдай ойногон шамдагай кыргыз жигиттери Кыргыз Республикасынын туусу менен.
Кыргызские национальные игры - Sputnik Кыргызстан
18/22
Ат үстүндө шамалдай ойногон шамдагай кыргыз жигиттери Кыргыз Республикасынын туусу менен.
© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүКыргызстан жана Кытай желектери менен парашютчулар Алабино аймагындагы дүйнөлүк "Танкалык биатлон-2014" чемпионатынын ачылышында.
Танковый биатлон - 2014. День первый - Sputnik Кыргызстан
19/22
Кыргызстан жана Кытай желектери менен парашютчулар Алабино аймагындагы дүйнөлүк "Танкалык биатлон-2014" чемпионатынын ачылышында.
© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүКыргыздын демократ жана улуу акыны Токтогул Сатылгановдун өзүнүн атынан коюлган ГЭСтин аймагына орнотулган эстелиги.
Памятник Токтогулу Сатылганову - Sputnik Кыргызстан
20/22
Кыргыздын демократ жана улуу акыны Токтогул Сатылгановдун өзүнүн атынан коюлган ГЭСтин аймагына орнотулган эстелиги.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOРФнын президенти Владимир Путиндин атынан коюлган чокудагы Кыргызстан менен Россиянын туулары. Чокунун бийиктиги – 4 миң 446 метр.
Пик имени Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
21/22
РФнын президенти Владимир Путиндин атынан коюлган чокудагы Кыргызстан менен Россиянын туулары. Чокунун бийиктиги – 4 миң 446 метр.
© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүНарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн "Кыргыз шырдагы" көл өнөрчүлүк буюмдарынын эл аралык IV фестивалынын катышуучулары.
Фестиваль прикладного народного искусства в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
22/22
Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн "Кыргыз шырдагы" көл өнөрчүлүк буюмдарынын эл аралык IV фестивалынын катышуучулары.
Жаңылыктар түрмөгү
0