БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. "Россия сегодня" ЭМАнын баяндамачысы Андрей Правов январь айында "Ислам мамлекетинин" согушчандары Афганистандын аймагында пайда болушуна талдоо жасап, окуянын андан ары өрчүшүнө карата өз божомолдоолорун келтирет.
Талдоочунун айтымында, КМШ мамлекеттерине чектеш Афганистанда "Ислам мамлекетинин" (ИМ) согушчандар тобу пайда болду. Автор белгилегендей, бул жакында аяктаган "Бекем эркиндик" операциясынын жыйынтыктары боюнча эң башкы факттардын бири болду. НАТО Түндүк атлантикалык блок терроризмге каршы аталган операцияны Афганистанда узакка созулган 13 жыл бою жүргүздү.
Эки күч, эки коркунуч
Талдоочу "Талибан" кыймылы, ага каршы багытталган "Бекем эркиндикке" карабай, баары бир күч алды деп эсептейт. Январдын башында ага мурдатан өз иш-аракеттерин Ирак менен Сирияда жүргүзүп келген "Ислам мамлекетинин" топтору кошулду. Провинциалдуу Гильменд ИМдин согушчандары орун алган биринчи жер болду. Эми Афганистандын аймагында да радикалдык багыттагы исламчылардын эки күчтүү тобу бар деп тынчсызданат Правов.
Гильменд түштүк провинциясын терроризмге каршы коалициянын аскерлери "өлүк жер" деп атаган деп улантат баяндоочу. Британиялык аскерлерден турган контингент Афганистандын ушул бөлүгүндө көзөмөлдү камсыз кылышы керек болчу, бирок афган жоокерлеринин активдүү жардамы менен да кырдаалды жакшыртуу мүмкүн болгон эмес. Ири шаарлар менен аскер базаларынын аймактарында гана, болгону күндүз эле коалициялык аскерлер тынчтыктын элесин камсыз кыла алышкан. Ал эми түн ичинде провинциянын бардык калган бөлүгүндө "Талибандын" согушчандары үстөмдүк кылган. Эми ИМдин согушчандарынын пайда болушу менен кырдаал андан да оорлоду деп түшүндүрөт талдоочу.
Январдын аягында эми афганистандын түндүгүндө Кундуз провинциясында ИГ топтору пайда болду деп белгилейт Правов.
"Бул болсо Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасынан алыс эмес. Ал жакта акыркы айларда ансыз деле көп көйгөйлөр жаралып, ал айрыкча чек араны бузуп өткөн исламды жайылтуучулар менен баңги заттарын ташуучулар болду", — дейт баяндоочу.
Серепчинин маалыматына караганда, чек ара аймактарында көп сандагы түрдүү куралдуу топтор бар, жана алардын баары эле талиб кыймылынын калдыктары эмес. Аталган аймакта Афганистандын Ислам партиясынын Гульбуддин Хекматиар башчылык кылган тобу, Түркестандын Ислам кыймылынын топтору жандуу иш-аракет жүргүзүп жатат. Эми ал жерге дагы ИМдин согушчандары келди деп баса белгилейт талдоочу.
Эмне үчүн ИМ согушчандары абдан ырайымсыз?
ИМ согушчандары сунниттер болуп эсептелет. Алар кылымдардан бери касташып келген шейиттерге жана алардын Куранды чечмелешине өтө агрессивдүү каршы турушат деп түшүндүрөт серепчи. Анын үстүнө алар Жакынкы Чыгышта Батыштын саясатын кабыл алышпайт жана акыркы кездерде алардын иш-аракеттери тууралуу биз көп нерселерди билдик. Буга барымтага алынгандардын кесилген баштары, сириялык Башар Асаддын жоокерлерин массалык өлтүрүүлөр, ошондой эле Сирия менен Ирактын басып алар жерлерине алар орноткон "халифаттын" катуу тартиптери кирет деп улантат талдоочу.
"Ислам мамлекеттеринде иштеген жылдары мен суннит молдолор менен баарлашкан учурлар болгон. Ошон үчүн алар шейиттерди чын эле жакшы көрүшпөйт деп так айта алым. Жана, мисалы, Пакистанда суннит багытындагы дин кызматкерлери маек учурунда: "Бул эмне деп түшүндүргөндүк? Биз каршыбыз!" деген сыяктуу сөздөр менен өзүлөрүнүн жактырбагандыгын билдирген учурлар болгон. Сунниттердин мечитинде шейиттерге каршы, шейиттердикинде сунниттерге каршы үгүт жүргүзүлүп турган. Бирок киши өлтүрүүгө чакырыкка чейин эч качан жеткен эмес. Динге ишенүүчүлөрдүн ортосундагы "кармаш" диний темадагы талаш-тартыштар, айрым учурда журналистке даттануулар менен чектеле турган", — деп жазат баяндоочу.
ИМнын кылганы бир акылга сыйбаган иш деп белгилейт Правов. Асаддын аскерлерин массалык өлтүрүү көрсөтүлгөн кадрларды эле алып көрөлү.
"Мен Жакынкы Чыгыштын мусулмандарынын батыш мамлекеттери алардын аймагында жүргүзүп жаткан саясатка болгон кыжырданууларын түшүнөм. Алар муну "батыштын ашынгандыгы" деп аташат: Ирак менен Ливияны бомбалоолор, афган жана пакистан айылдарына ок атуулар, "араб жазынын" мунапыстары батыш кураторлорунун катышуусу менен болгону айкын. Бирок анда ИМнын колуна кокус түшүп калган сары-кызыл кийимчен барымтадагылардын башын көз көрүнө эле кесип салуу анык чектен чыккандык болуп эсептетет", — деп эсептейт серепчи.
ИМ менен "Талибан" кайда барат?
Бул эки террористтик топтун өз ара мамилелери андан ары кандайча өрчүй турганы азырынча түшүнүксүз деп эсептейт талдоочу.
Серепчинин айтымында, теориялык жактан алганда алар күч-аракеттерин бириктириши мүмкүн. Бирок мындай боло турган болсо, бул эң башында гана болушу мүмкүн. Талибдер — жергиликтүү адамдар жана өз өлкөсүндө өзүлөрү ээлик кылууну каалай турганын бир нече жолу көрсөтүшкөн, бөтөндөргө алар чыдабайт деп белгиледи Правов.
Окуянын башка өрчүү жолу — ИМ менен талибдердин кагылышуусу. Мындай учурда согуш аракеттери Афганистанга дагы бир жолу бүлгүн салат деп улантат талдоочу.
"Бул кыймылдардын кимиси күчтүүрөөк? Түшүнүктүү себептер менен мунун так баалоо кыйын. Бирок белгилей турган нерсе, ИМдин идеяларын пропагандалоо үчүн Афганистанда негиздер түптөлгөн. Ал эми "Талибан" барган сайын биримдигин жоготуп, акыркы айларда ал чачыранды болуп кетти. Ошону менен бирге диний радикализм да күч алууда. Улуттар аралык мамилелер да Афганистанда дайыма катаал болуп келген. Иш билги дин үгүтчүлөрү муну албетте пайдаланбай койбойт", — деп эсептейт серепчи.
Автор белгилегендей, ИМдин да, "Талибан" кыймылынын да келип чыгышы тууралуу бир нече версия бар. Болгондо да бул топтордун түзүлүшүнө кайсы бир деңгээлде америкалыктардын да салымы бар деп көп айтылат. Кыязы, америкалыктар талибдер менен тил табыша албай жатат. Ал эми ИМ менен келишүү теориялык жактан да мүмкүн эмес деп баса белгиледи баяндоочу.
Правовдун айтымында, бул эки топтун кагылышуусу америкалыктар үчүн пайдалуу болмок, жана бул багытта алар кайсы бир аракеттерди көрүп жатышканын четке кагууга болбойт. Эгер акыры ИМ менен "Талибан" кармаша кетсе, андан жеңип чыккан жеңилип калган тараптын согушчандарынын эсебинен өз катарын көбөйтөт деп белгиледи серепчи.
"Ошон үчүн чыгышты карай андан ары да, мисалы, ядролук куралга ээ Пакистанга баруу ИМдин оюна келбейби? Ал жерде да түрдүү улуттун өкүлдөрү жашайт жана калктын басымдуу бөлүгү сабаты аз айыл жашоочуларынан турат. Же түндүктү карай бизге жакындап келеби?" — деген суроолорду берет автор.