БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жалпы россиялык элдик фронттун "Иш-аракеттер форумунун" экинчи пленардык отурумуна катышып, анда 2012-жылдын май айындагы өз жарлыктарынын Россия экономикасы үчүн батыш санкцияларынын татаал шарттарында ишке ашырылышын талкуулайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Россиянын президенти Владимир Путин Жалпы россиялык элдик фронттун (ЖЭФ) экинчи Аракеттер формунун” пленардык жыйынына катышып, батыш санкцияларынын шартында Россиянын экономикасы үчүн оңой болбогон өзүнүн 2012-жылы май айында чыгарылган жарлыктарынын кандай ишке ашып жатканын талкуулайт.
Форумдун катышуучулары президент катышкан жыйында бир нече күн мурда болгон беш талкуулоочу форумдардын ишинин жыйынтыктарын да кеңешмекчи. Болуп өткөн форумдардын үчөөнүн темасы ЖЭФ үчүн салттуу болуп калган темалар (“күнүмдүк жашоонун сапаты”, “социалдык акыйкаттык”, коомчулук жана бийлик-түз диалог”) болсо, калган экөө, башкача айтканда “импорттук аралашуу жана технологиялык жаңылаштыруу” менен “аграрлык тармак: дыкат санкциялар жана өсүштүн мүмкүнчүлүктөрү” деп аталган темалар санкциялар менен тыгыз байланышкан.
Форум 17-18-ноябрда Москвадагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун (ВДНХ) павильондорунун биринде өтөт. Ага баардыгы болуп бир миңден ашык адам катышат деп болжолдонсо, алардын арасында федералдык өкмөттүн мүчөлөрү, Россиянын президентинин ишенимдүү адамдары, Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун, Соода өнөр жай палатасынын, “Россиянын таянычтары”, “Ишкер Россия” уюмдарынын жана башка уюмдардын эксперттери менен ишкер-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүп жатат.
Санкциялар стимул катары
2011-жылы парламенттик жана президенттик шайлоо болоордун алдында партияга караштуу структура катары Путин тарабынан демилгеленип уюштурулган Жалпы россиялык элдик фронт партиянын саясий көз караштарынан көз карандысыз түрдө өлкөдөгү актуалдуу тапшырмаларды чечүүгө тапшырма алган эле. Иш жүзүндө ЖЭФ азыркы иштеп жаткан президенттин тарапташтарын бириктирет, ал эми Мамлекеттик думада депутат “фронтчулар” “Бирдиктүү Россия” башкаруучу партиясынын курамына кирет. Акырындык менен уюм баардык деңгээлдеги бийлик иштеринде өзгөчө бир “элдик аудитория” болуп калды.
2014-жылдагы форумдун башкы темаларынын бири — батыш санкцияларынын шарттарында Россиянын экономикасынын өнүгүшү болмокчу. Европа биримдиги менен Америка Кошмо Штаттары Украина кризисинен улам Россия менен татаалдашып кеткен мамилелеринин фонунда адегенде бир катар россиялык ишкерлер менен саясатчыларга каршы, андан соң Россиянын экономикасынын бүтүндөй тармактары болгон — коргонуу, чийки зат жана мамлекеттик банктарга каршы сакция киргизди. Ага жооп кылып Россия өзүнө санкция кабыл алган өлкөлөрдүн азык-түлүк импортунун киришин чектеди.
ЖЭФтин активисттеринин пикиринде, Россияга карата санкциялар жалпы коом үчүн “катализатор”, мобилдештирүүчү фактор болуп калды. Кыймылдын борбордук штабынан тең төрагасы Александр Бречалов санкциялар россиялык бизнеске мүмкүндүк бериши ыктымал, ал эми мамлекет бул мүмкүндүктү пайдаланыш үчүн чакан жана орто ишкерликке жардам бериши керек деп эсептейт. Негизинен ал рублдин азыркы девальвациясы экономика үчүн түрткү, стимул берүүчү натыйжа берет: россиялык өндүрүшчүлөрдүн товарлары рублдин баасы өсүп жаткан импорт товарларына салыштырмалуу көбүрөөк атаандаштыкка ээ болот деп белгилейт.
Бул көз караш бир нече жолу “батыш өндүрүшчүлөрүнүн россиялык рынокко киришин чектөө ата мекендик компаниялардын өз позицияларын чыңдоого жардам берүүгө тийиш”,- деп эсептеген Россиянын бийлигинин, биринчи кезекте президенттин позициясы менен дал келет. Ошол эле маалда Москва келечекте өз ара санкцияларды алып салуудан эч бир тарап кача албайт деп эсептейт, бирок баардык эле чет элдик жеткирүүчүлөр өз товарларын Россиянын дүкөндөрүнө алып келе албасын эскертет.
Рубль күздөгү геосаясий жогорку тобокелдиктер жана мунайдын баасынын арзандап жатышынын көрүнүшүндө кезектеги кунун жоготууга туш болду. Россиянын банкы улуттук валютанын “эркин сүзүшүнө”, башкача айтканда эркин алмашуусуна өттү жана анын натыйжасында рубль бир нече күн катары менен доллар жана еврого карата тарыхый чекте наркын төмөндөттү. Рублдин төмөндөшүнө бийлик кызыл кулактарды күнөөлөдү, ал эми Борбордук банк рынок жөнгө салуучунун жаңы саясатына адаптацияланып жатышынан улам жакынкы мезгилде курстун кескин өзгөрүшү боло турганын алдын ала эскертти.
Буга чейин ЖЭФ импорттук аралашуу жаатындагы стратегиялык пландоо жана экономикалык өнүгүүдөгү жаңылаштыруу тапшырмалары боюнча өз көз карашын сунуштай турганын билдирген эле.
Буйруктар буйрук эмес болгондо
Форумда ошондой эле “майдагы буйруктарды” ишке ашыруунун жүрүшү талкууланат.
2012-жылы президенттик креслого кайтып келер замат Путин бир катар программалык буйруктарга, анын ичинде социалдык буйруктарга кол койгон болчу. Ошол эле маалда мамлекет башчысы атайылап чекти жогорулатканын моюнуна алса да, бул планды ишке ашыруу артыкчылыкка ээ экендигине өкмөт менен губернаторлордун бир нече ирет көңүлдөрүн бурган.
Батыш сакциялары киргизилгенден кийин жана дүйнөдө мунайга карата баа төмөндөгөндөн соң (россиялык башкы экспорттук товарлардын бири) бир катар эксперттер “май айынын буйруктарынын” реалдуу аткарылышына ишенкиребей чыгышкан. Путин бул үчүн ресурстар жетишерлик экенин, ал эми эгерде энергоресурстарга карата баа аябай эле төмөндөп кете турган болсо да, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кыскарышы — социалдык милдеттемелерге таасир бербей турганына ишендирген. Ошол эле маалда президент 2015-жылы мунайдын баасын жогорулашы мүмкүн деп үмүттөнүп жатат.
Өз кезегинде ЖЭФтин башчылары президенттин приципиалдык түрдө аткарылышы зарыл болгон жарлыктарын дайыма көзөмөлдөп турушканын жана алардын кандай аткарылып жатышына дайыма эле ыраазы эместиктерин бир нече жолу билдирип чыгышкан. Жалпы россиялык элдик фронттун борбордук штабынын тең төрагасы Станислав Говорухин көпчүлүк тапшырмалар аткарылбай калганын, ал эми айрымдары болгону “кагаз жүзүндө” гана аткарылганын жана бул тууралуу президентке сөзсүз айтыларын билдирет.
Бречаловдун айтымында, ЖЭФ бир жылдын аралыгында президенттин 131 тапшырмасынын атарылуу сапатын көзөмөлгө алган жана начарыраак натыйжалар экономикалык тармакта катталган.