БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз эл Баатыры Турдакун Усубалиевге өмүр бою стипендия чегерүү жөнүндө буйрукка бүгүн, 4-ноябрда кол койду. Бул тууралуу КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.
Президент мындай жарлыкка көрүнүктүү ишмердин 95 жылдыгына карата кол койгон.
Буйрукка ылайык, Турдакун Усубалиевге 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап президенттин фондунан ай сайын жыйырма миң сомдон стипендия өмүр бою төлөнөт.
Ай сайын берилчү бул каражат Турдакун Усубалиевдин негизги пенсиясына кошумча төлөм болуп саналат.