БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдагандай, Россиянын Федералдык миграция комитети Россияга кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктардын Россия аркылуу транзит менен учууга уруксат берүү маселесин кароого даяр. Маалыматка ылайык, эгер кара тизмедеги кыргызстандык Белоруссияда окуп, ал жакка транзит менен учууга туура келсе гана мындай мүмкүнчүлүк каралышы ыктымал. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Ошол эле учурда РФнын федералдык кызматы Кыргызстандын тиешелүү органдары аркылуу алдын ала кайрылуу керектигин билдирген.