БИШКЕК, 4 ноя — Спутник Кыргызстан. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, КРдин РФтеги Элчилигинин кеңешчиси Аман Мамбетсеитов ишин айкалыштыруу менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Туруктуу кеңешинде Кыргызстандын Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ал эми бул кызматта иштеген Ильязов Нурбек Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна караштуу Туруктуу кеңеште Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдеттерин аткаруудан президенттин Жарлыгы менен бошотулду.