00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
20:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Британияда коронавирустун жаңы тиби өрчүп, өлкөлөр эшигин жаба баштады

© REUTERS / Toby MelvilleЛондондо автобус жүргүнчүлөрү
Лондондо автобус жүргүнчүлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы SARS-CoV-2 азыркыга салыштырмалуу тез тарап, очогу Лондон болуп жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Улуу Британияда коронавирустун жаңы тиби боюнча кырдаал көзөмөлдөн чыкканын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок билдиргенин Sky News жазды.

14-декабрда Хэнкок өлкөдө коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айтып, ал азыркыдан дагы тез тарай турганын билдирген. Кийинчерээк адистер дагы вирустун жаңы тиби адамдан адамга тез жуга турганын эске салган. Анткен менен илдеттин коркунучу азыркыга караганда жогору экенин тастыктаган далилдер жок. Ошондой эле мутацияланган вирус вакцинага кандай таасир этери дагы аныктала элек.

Бүгүн, 21-декабрда, Хэнкок британиялыктар өздөрүн вирус жуктуруп алгандай эле алып жүрүшү керектигин айтты.

"Бардыгыбыз Рождествону күтүп жатабыз. Бирок COVID-19дун жаңы түрү өтө тездик менен тарап жатат. Буга байланыштуу өкмөт чечкиндүү кадамдарга барууга аргасыз", — деди Хэнкок.

Анын божомолунда илдеттин жайылып кетишин алдын алууга багытталган катуу чаралар вакцина келмейин сакталат.

Британиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы SARS-CoV-2 азыркыга салыштырмалуу тез тарап,  анын очогу Лондон болуп жатканын кабарлады. Ал эми өлкө өкмөтүнүн жетекчиси Борис Жонсон штамм 70 пайызга жугуштуу экенин жар салды.

Медициналык кызматкер кан үлгүсү менен прорибканы кармам турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыркыдан да жугуштуу. Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болду
Өлкөлөр Улуу Британияга эшигин жаап жатат

Европа биримдигине кирген 14 мамлекет коронавирустун жаңы тибине байланыштуу Улуу Британия менен транспорттук каттамдарды чектеп же такыр эле токтотуп салуу чечимин кабыл алышты. Нидерланддар, Бельгия, Италия, Германия, Болгария, Ирландия, Литва, Латвия жана Финляндия аба каттамдарын токтотушту. Франция болсо Улуу Британия менен бардык транспорттук каттамдарды 48 саатка токтотту. Швеция Улуу Британиядан келгендерди өлкөгө киргизбей жатат. Греция жети күндүк, Кипр эки жумалык карантин киргизсе, Испания текшерүү иштерин күчөттү.

Британия менен аба каттамдарын Түркия, Швейцария, Канада жана Аргентина дагы токтотту. Сауд Аравия чек арасын толук жаап, эл аралык аба каттамдарды кабыл албай жатат. Россиялык ыкчам штаб Улуу Британиядагы кырдаалга көз салып жатат, чечимдер тууралуу кошумча маалымат берилет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Улуу Британиядагы коронавирустун жаңы штаммын изилдеп жатканы айтылууда.

Окумуштуулардын пикири

Илимпоздордун баамында, жаңы штамм тез жукканы менен өтө кооптуу эмес. Коронавирус айына жок дегенде эки ирет мутация болот. Аларга адам өлүмү пайдалуу эместигин Казакстандын профилактикалык медицина академиясынын президенти Алмаз Шарман билдирди.

"Вирус — жаратылышы боюнча паразит. Алар сыртта жашай албайт. Адам көз жумса вирус дагы жок болот. Ошондуктан вирус үчүн ээсинин өлүп калышы пайдалуу эмес. Вирус жашап кетүү үчүн мутация болуп турат. Бул нормалдуу эволюциялык процесс", — деди профессор.

Алмаз Шарман коронавирус дайыма мутацияланып турарын жана бара-бара ал сезондук инфекцияга айланарын билдирип, вакцина бул процессти тездетерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0