Минскиде президенттик шайлоодон кийин митингге чыккандар тарады

© AP Photo / Sergei GritsМинск шаарындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары
Минск шаарындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-август күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор шаардын борборун көздөй агылган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Минск шаарында митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү тарап кетти. Бул туралуу РИА Новости жазды.

"Борбордук көчөлөрдө нааразычылык акциясына чыккандар байкалбайт. Акырындык менен автоунаа кыймылы калыбына келип, эл күнүмдүк жашоосун улантууда", — деп айтылат кабарда.

Күч органдары митинг учурунда көчөлөргө койгон тосмолорду алып салды. Бирок айрым жерлерде полиция автоунаа менен кыдырып карап жүргөнүн көрүүгө болот.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Эске салсак, кечээ, 9-август күнү, Беларуста президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турган.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонгон.

Кечээ кечинде Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко эл добушунун 82 пайызын алгандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0