F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

© AFP / CHRISTINE GROENINGF-35 Lightning II учагы. Архив
F-35 Lightning II учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку авиациялык технологиялар жаатында алдыңкы сапка чыгууга караганда АКШ жарнамалап жана сатууга маш көрүнөт. Америкалык F-35 истребитель-бомбалоочу учагын жасоо жана сатуунун узун тарыхы буга далил.

Lockheed Martin корпорациясынын өкүлдөрү апта башында өткөргөн маалымат жыйынында америкалык F-35ти алтынчы муундагы истребителге айландыруу ниетин жар салышты. Мындан улам аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул аракет тууралуу өз ойлорун ортого салды.

F-35 Lightning II долбоорунда бешинчи муундун параметрлерин кууп жете электе, технологиялык жактан топ жара албаса да ушундай кадамга барууга белсеништи. Мунун аркасындагы амал ишти ого бетер кызытат. Европалыктар өздөрүнүн (АКШдан көз каранды болбогон) алтынчы муундагы эки истребителин кызуу сүрөөдө. Ал эми Lockheed Martin союздаштарынын демин суутуп, өз долбоорун аларга каршы коюп, "текшерүүдөн өткөн" F-35ти таңуулоого умтулууда. Алардын оюнда, бул учак 2020-2030-жылдар аралыгында заманбапташтырылган соң алтынчы муунга айланат.

Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

Америкалыктардын F-35 Lightning II учагын европалыктарга жана башка союздаштарына (бирөөсүн 100 миллион долларга) активдүү сатууга умтулушу кыйла түшүнүктүү. Көп максаттуу истребитель-бомбалоочу учактын программасынын наркы 1,3 триллион доллардын тегерегинде, акыры инвестициялар киреше алып келүүгө тийиш.

Lockheed корпорациясы дүйнөнүн тогуз өлкөсүнө 500 бирдик F-35 саткан. Жыл сайын 100дөн ашуун "Молния" курулат. F-35тин ар кыл модификациясы 2011-жылдан бери сериялык түрдө чыгарылат. Ошентсе да, пайдаланууда ал авиациялык адистердин көңүлүн калтырып келет.

Соңку эки ай аралыгында эле жети америкалык истребитель кулаган. Үчөө "бешинчи муундагы" учак, алардын экөө – F-35A. Ушул тапта "Молниянын" технологиялык жактан жоюлгус беш чоң кемчилиги бар. Мисалга, инерттик газ генерациясынын борттук тутумунун конструктивдик айырмачылыктары абада истребителдин май куюлчу багынын атмосфералык электрдин разрядынан жарылышына алып келиши ыктымал.

Фактылар ырастап тургандай, F-35 Lightning II — үнгө чейинки ылдамдыгы 1 мүнөттөн ашпаган толук форсажда тездетилет. Ал гана эмес, "көрүнбөс" деп макталган F-35 заманбап радарлардын "көзүнө" илинип калууда. Айрыкча, 1 Махтан ашкан ылдамдыкта корпусу ысып, радарларга чалдыгат. 1,6 Махтан кийин учактын куйругу коңторулуп калышы мүмкүн экен.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

Пентагон аргасыздан эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн өзгөрткөн, эми F-35 үнгө чейинки болуп саналат, кыска ылдамданат. F-35 Lightning IIнин беделин жакшы эле солгундаткан. Учактын алтынчы муунга "айлантылышы" менен заманбапташтыруунун дал убагы. Ал куралдануунун көптөгөн тышкы тутумдарын жана учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруунун кеңейтилген тармактык мүмкүнчүлүктөрүнө (сетецентристтик согуштук аракеттер) ээ болууга милдеттүү. Албетте, союздаштарынын өздөрүнүн глобалдык маалыматтык тармактары жок, ал эми Пентагондун түйүнүнө туташуу F-35тин баасына жана натыйжалуулугуна таасир этет.

Америкалыктардын бизнес-планы кынтыксыздай көрүнөт, бирок кантсе да катаал реалдуулукка кабылганда мандеми чыгат. "Молниянын" төртүнчү муундан (де-факто) алтынчы муунга айланышы мүмкүн эместей көрүнөт.

Lockheed Martin убадасы

Адистердин пикиринде, "аскердик-аба күчтөрүн жетектөө жана башкарууну децентрализацияланган системасы F-35 учактарынын эсептеп чыгаруучу кубаттуулугун, бардык багыттар боюнча ири масштабдуу чабуулдарды уюштуруу үчүн сенсорлордон маалыматтарды жана байланыш каражаттарын колдонууну" эбак баштаган. Мында бул чабуулдар качан жана кайда жасалган, жыйынтыгы кандай экенин тактагың келет. Бирок таанытуу иш-чаралары реалдуулукту жактырышпайт.

Саатына 155 чакырым! Аэромобилдик "Стрела" сооттолгон унаасынын арышы

Lockheed Martin корпорациясынын вице-президенти Грег Ульмер Tech Refresh 3 жаңыртуу топтомунда жогорулатылган эсептөө күчү бар интеграцияланган процессор, кабина жана кеңейтилген эс-тутум блогу үчүн панорамалык дисплей пайда болот. Ушул сериядагы учактар конвейерден 2023-жылы түшүрүлүүгө тийиш.

Ошондо ачык архитектурасы бар платформа жаралып, ал жаңы программалык камсыздоонун жардамы менен учактын мүмкүнчүлүктөрүн ыкчам кеңейтүүгө жол берет. F-35 (JPO) учагынын бириктирилген программалык офиси аппараттык жана программалык камсыздоосунун алгачкы 66 жаңыртуусун аныктаган (бул АКШ Конгрессинин 2019-жылкы отчётунда камтылган, алардын сегизин былтыр эле ишке ашырууга убада кылышкан. Бүгүн бир нерсенин бети менен кагылышынын алдын алуунун автоматтык тутуму даяр. Аткарылышынын мындай ылдамдыгын акылга сыйдыруу кыйын. Ошондой болсо да, Lockheed Martin корпорациясы байкала турган технологиялык секирик жасарына сөз бербейт, келечегинде "эволюциялык процесс" эсепке алынбайт.

Болочоктун истребителине тышкы май куюучу бакты да долбоорлоп жатышат. Бул алардын учуш радиусун 40 пайызга кеңейтет, абада майын толуктап куйган оңой. Кыязы, 2030-жылы F-35 истребителдери орто аралыктагы AIM-260 же Raytheon AIM-120 "аба – аба" жакшыртылган алты ракетаны ташый алары, ошондой эле ыраак аралыктан деңиздеги буталарына сокку ура алышат. Он жылдан соң бул менен эч кимди таң калтыра албашың мүмкүн, АКШнын потенциалдык каршылаштарынын бардык кемелери бортуна абадан коргонуунун күчтүү каражаттарын жана гипер үндүү куралдарын ташып жүрө алат.

АКШнын аскердик-аба күчтөрү F-35ти жасалма интеллект менен жабдылган арзан дрон менен интеграциялоо каалоосун билдиришти. Жаңыртуу топтомунда учкучсуз учуучу аппарат түйүндөрүн башкаруу технологиясы али пландала элек, бирок ,ошол эле Ульмердин сөзүнө караганда, бул – кол жете турган эле нерсе. "Молнияны" өнүктүрүүнүн потенциалдуу багыттарынын дагы бири – ракетага каршы коргонуу тутуму.

Мүмкүн болгон бардык модификациялар, Lockheed Martin корпорациясынын пикиринде, F-35ти "бешинчи менен алтынчы муундагы истребителдеринин ортосундагы чекти жууп кете турган" абалга алып келишет.

Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

Союздаштары жана болжолдуу душмандары да бир орунда турбайт, 10 жылдан кийин Пентагон менен ымаласы ынак Defense News басылмасы бышып-жетилбеген F-35 истребителин "жазалоодон" тайбайт.

Кандай болгон күндө да масштабдык модернизация – дээрлик чечилген иш. АКШ Конгрессине "Молниялардын" жаңыртылган тизмеги сунушталган, андыктан Аскердик-өнөр жай комплекстеринин лоббисттери бул менен чектелип калбайт.

Он жылда эмне калат, эмне жок...

"Бешинчи муундагы" F-35 Lightning II учагынын кымбатка турган ийгиликсиздиктеринен кийин америкалык конгресс алтынчы муундагы истребителдерин түзүү программасын 2021-жылы каржылоону 85 пайызга кыскартуу ниетин билдирген. Мындай шарттарда "он жылдык заманбапташтыруу" – корпорациянын ийгиликтүү жүрүшү.

F-35ти заманбапташтыруунун оптимисттик сценарийи коргоо тармагына глобалдык чыгымдардын көбөйүшүн, F-35ти сатылышы 4000 бирдикке чейин өсөрүн боолголойт. Ал эми нейтралдык божомол боюнча 2040-жылга чейин коргоо тармагынын чыгымдары мурдагы калыбында калтырылып, бул учактын модернизациясын бөгөттөйт. Бирок сатыкка таасир этпейт.

Начар сценарий боюнча аскердик чыгымдардын узак мөөнөткө кыскартылышынан улам заманбапташтыруу создуктурулуп, 2020-2030-жылдары алардын сатылышын азайтат. Бул схемалар болушунча шарттуу, тышкы факторлордун көбүн, анын ичинде планетадагы технологиялык өнүгүшүн жана кайра куралданууну эсепке албайт.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

F-35 программасын ишке ашыруу тажрыйбасы көрсөткөндөй, каржылык салым дайым технологиялык артыкчылыгы менен өрчүйт. Бардык өлкөлөрдүн авиациялык тармактын адистери америкалыктардын "молнияларды" алтынчы муундагыга чейин кантип заманбапташтыра аларына кызыгуу менен көз салышат. Мында алтынчы муундагы концепция АКШда азыр жасала элек (европалык союздаштарынын колунда да жок), жалпысынан, системанын алкагында "сетецентрический" учак караларын түшүнгөн оң. Ал түгүл F-35тин (иш жүзүндө төртүнчү муундагы) модификацияларынын программалык камсыздоосу да кынтыксыз эмес.

Ачык архитектурасы жана гипер үндүү курал жабдыгы ушул тапта долбоордо. Кыймылдаткычы чабал. Көрүнбөс дегендери чындыкка коошпойт. F-22 жана F-35 истребителдеринин жогорку технологиялык душман менен бет келишкендеги согуштук натыйжалуулугу да сыналган эмес. "Заманбапташтыруунун" мындан аркы жолу арсар, өзгөрүлмөлүү координаттарынын тутумунда ийгиликке кепилдик бербейт. Технологиялык ийгиликти америкалык "Молниялар" көздөбөгөн да болушу мүмкүн, себеби кымбаттыгына жана көз көрүнөө "кемчиликтерине" карабастан, 500 учак тогуз өлкөгө сатылган.

Эгер "бышып жетилбеген" истребителдерди сатуу жөндөмү киреше алып келе турган болсо, жогорку технологиялар эмес, ашкере сүрөттөлгөн мүнөздөмөсү, аягы жок заманбапташтыруу, "сетецентристтик согуштук аракеттерге" даярдык "Жылдыздар согушу" жана "Машиналардын көтөрүлүшү" стилиндеги болуп көрбөгөндөй маркетинг жана жарнама гана кызмат кылат өңдөнөт.

Lockheed Martin 2024-жылы ар он эки айда 180ден F-35 Lightning II чыгарарына убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0