Трамп Американы космостун көмөгү менен сактап каларына ишенет. Саресеп

© REUTERS / TOM BRENNERАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти америкалыктардын космосто ресурс алуу укугун бекемдеген буйрукка кол койду. Документте космос "мыйзамдуу жана жеке түрдө адамзат ишмердигинин уникалдуу домени болуп саналат" деп жазылган.

Ак үйдөн адилеттүүлүк менен айтылгандай, бул тек гана АКШ эбак белгиленген позициясын ага эч кандай өзгөртүү киргизбестен тастыктады. Россиянын ага болгон реакциясы күтүлгөндөй эле – салкын кандуулук менен айыптоо болду. Журналист Ирина Алкснистин пикирин РИА Новости жарыялады.

Баарынан кызыгы — Американын жана анын лидеринин учурда башка бир актуалдуу көйгөйү калбагандай, дал ушул тапта бул мыйзамга кол коюлушу таңыркатпай койбойт!

Колониалдык план. АКШ Ай менен космосту менчиктештирип алмай болду - Sputnik Кыргызстан
Колониалдык план. АКШ Ай менен космосту менчиктештирип алмай болду
Чындап бүт дүйнө оор күндөрдү башынан кечирип турса да, кырдаалды мүнөздөсөк, дал Кошмо Штаттар азыр "катуу бороонго" кабылган чагы. Бир жагынан, өтө оор өтүп жаткан COVID-19 эпидемиясы: дүйнө боюнча эң көп учур жана илдеттен он миңден ашуун кишинин өлүмү да ушул мамлекетте катталды. Экинчи жагынан, токтотуп калууга бийлик кескин чараларды көрүп жаткан курч экономикалык каатчылык. Серепчилер ал чараларды атомдук бомбага салыштыра, экономиканы куткаруу боюнча кадамдары ага ого бетер терең зыян келтирерин ачык ишарат кылууда.

Экономикасы менен бирге мыйзам ченемдүү Трамптын президенттик тактыдагы үч жылда жетишкен өзгөчө жетишкендиктери менен кошо социалдык чөйрө да урады. Жумушсуздук рекорддук чекке жетти, ал эми адистер бул башталышы гана экенин, мындан ары абал дагы начарлай турганынан чочулашууда.

Мындан тышкары, кезектеги – Ак үйдүн азыркы кожоюнунун гана эмес, бүт өлкөнүн тагдырын чечүүчү президенттик шайлоого жарым жылдан ашуун гана убакыт калды. Мындай кырдаалда Дональд Трамп көңүлдү космоско топтоону туура көрдү.

Анан калса бул кызыгуу тегин жерден эмес. Бул темага ал бир нече ирет кайрылган.

Былтыр январда АКШ президенти бир убакта НАСА 2020-жылы Марска кишини жеткирүүгө үлгүрсө, анда агенттикке чексиз сумманы бөлүүнү сунуштаган.

2019-жылдын март айында Трамп Айга беш жылдык мөөнөткө жеткирүүнү талап кылган. Июлда ал Кызыл планетасы жөнүндө кепке кайтып, ал жакта АКШнын туусун орнотууну убада кылган.

Ал эми быйыл, февралда, президент Ай жана Марска учуунун сынамык программасын каржылоо жөнүндөгү өтүнүчү менен конгресске кайрылган. Андыктан, жаңы буйрук Трамптын мурдатан жүргүзүлүп келе жаткан саясатына шайкеш.

Негизги маселе башкада: АКШ лидеринин космостук темага оопайлыгын айтпаганда мындай ырааттуулукту кантип баалоо зарыл?

Нью-Йоркская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан
Нефтинин кымбат баасы качан кайтат? Саресеп
Дональд Трамптын бөтөнчөлүгү – эл оозунан түшпөгөнү, өз оппоненттерине кеп-сөз болууга жеңил шарт түзүп бергени (Кремлге карата жүргүзгөн ишин айтпай деле койсок болот).

Бирок Ак үйдү ээлеп турган жылдары түзүлгөн бедели — анын тышкы гана көрүнүшү, чындап келсе, ал акылдуу, эң жагымсыз шарттарда да ийгиликке жете алган абдан натыйжалуу башкаруучу.

Ал АКШнын дээрлик бүтүндөй мамлекеттик машинасы өзүнө каршы иштеп турган Вашингтондогу кырдаалды өз пайдасына бура алган. Экономикалык тутумда оппоненттери дегеле мүмкүн эмес деген жыйынтыктарды жаратты.

Ооба, азыр ал ийгиликтери жагдайлардын кысымы (Трамп аларды тээ мурда эле катуу сынга алган) менен жокко чыгарылса да бул фактыны өзгөртө албайт.

Биз көнгөн дүйнө көз алдыбызда өзгөрүүгө дуушар болуп жатса да, АКШ президенти космосту өздөштүрүүдөн кеп козгоону улантат.

Дональд Трамп тарабынан бул кемчонтойлук да эмес, макоолук да эмес. Ал чындап америкалык экономика кептелген туңгуюктан чыгуунун жолун дал ошол жактан көрүп турат. Балким, мындай көз карашына анын жаштыгы адамзаттын космостук келечеги боюнча тегиз оптимизм маалына туш келген муунга таандык болушу таасир эткен чыгар. Бирок маңызында АКШ президенти тарабынан коюлган "диагноз" туптуура.

Глобалдык экономика системалык каатчылыкка кабылды, ал кезектеги ири бөлүштүрмөйдү алып келет. Азыркы жан талашмай тутумдун башкы демилгечиси АКШ болуп саналат.

Дүйнөдө болсо өтө олуттуу атаандаштар күчтөндү, андыктан  болуп жаткан өзгөрүүлөр Вашингтонго эң оор жоготууларга тушуктурат. Кырдаал "глобустун бүткөнү" – тарыхта мурда болуп келгендей планетада экономикалык өнүгүү түрмөгү үчүн ресурс боло алчу жаңы аймак жана рыноктордун түгөнүшүнөн улам ырбайт.

Мындай жагдайларда америкалык экономиканы кайра куруу жана жаңыртуу боюнча кандай гана аракеттери болбосун үстүртөн жана кыска мөөнөттүк натыйжага алып келет. Принципиалдуу түрдө узак убакка туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла турган жаңы булак зарыл. Соңку кадамдарына караганда, Дональд Трамп аны жердин тышындагы мейкиндик катары көрүп жаткандай. Бул – азыркы коомчулуктун көз алдында кыйла шектүү демилге.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай боюнча ымалага келүүгө баарынан көп Трамп кызыкдар. Пикир
Элүү-алтымыш жыл оболу адистер да, жапырт эл да XXI жүз жылдыктын башында адамзат космосту изилдөөгө толук киришип, ал жактан уникалдуу жана чексиз ресурстарды аларына ынанган. Реалдуулук анчалык көңүл жубатарлык болбоду.

Космос дүйнөнүн эң өнүккөн державаларынын өтө кымбат баалуу "хоббиси" бойдон калууда. Анын коммерциялык пайдаланышы абдан чектелген (коммуникациялык спутниктер жана ага окшогон долбоорлор), ошентсе да жалпыга маалымдоо каражаттары жагымсыз жаңылыктарды байма-бай жарыялайт.

Өткөн аптада эле OneWeb компаниясынын банкрот болгонун жана Илон Масктын кезектеги ийгиликке жетпей калган аракетинен баары кабардар болду.

Адамзатты космосту өздөштүрүүнүн жаңы баскычына чыгарчу илимий жана технологиялык жактан өсүш эртеби же кечпи болорунда шек жок, бул анын коммерциялык артыкчылыгын арттырат.

Бирок көйгөйдү ыкчам чечүүнүн бул аракетинин тобокелдиги күч. Бирок Трамп кыязы андай кадамдан артка тартпайт өңдөнөт.

Ийгиликсиз абалдардан чыгуунун эбин тапкан бизнесмен жана мамлекеттик ишмер катары ал эзелки башкаруучулук байкоосунун адилеттүүлүгүнө – зарыл ресурстар (каржылык ресурстардан адамдык ресурстарга дейре) жана жетишерлик административдик басым менен каалаган маселени чечүүгө болоруна бекем ынанат көрүнөт.

Дээрлик каалаган маселени чечүүгө болот деп белгилесек туура болчудай.

Жаңылыктар түрмөгү
0