Иран: коронавирустан 8 киши каза таап, кошуна өлкөлөр чек араларын жапты

© REUTERS / ESSAM AL-SUDANIИракский медицинский сотрудник проверяет температуру пассажира по прибытии на пограничный переход Шаламча между Ираком и Ираном, 20 февраля 2020 года
Иракский медицинский сотрудник проверяет температуру пассажира по прибытии на пограничный переход Шаламча между Ираком и Ираном, 20 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оору пакистандыктардын бири Кытайга, илдеттин очогу болгон жерге барып келгенден кийин башкаларга тарап кеткен.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Иранда 43 киши коронавирусту жуктуруп алса, алардын сегизи көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Киануш Жаханпурга шилтеме кылып кабарлады.

Ал дагы 15 кишинин аталган вирусту жуктуруп алгандыгын, алардын ичинен үч адам өлгөнүн айтты. Иранда коронавирустун табылганы боюнча маалымат 19-февралда белгилүү болгон. Медиктердин айтымына караганда, ооруп калгандардын арбыны шиит мусулмандар зыярат кылган Кум деп аталган шаарга барган. Оору жергиликтүү тургундардын бири Кытайга, илдеттин очогу деп таанылган жерге барып келгенден кийин башкаларга тарап кеткен. Ал адам келгенден кийин кайтыш болгон.

Өлкөдөгү бир топ провинцияларда коронавирустун айынан билим берүү жайлары жабылып, маданий иш-чаралар токтотулду. Ал эми спорттук мелдештер күйөрмансыз өтүүдө.

Коңшу мамлекеттерде эмне болуп жатат?

Коронавирус менен ооруган бейтапты ооруканага жеткирип жаткан медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус Италияда 132 кишиге жугуп, мектеп, окуу жайлар жабылууда
Ирандагы кырдаалдан улам Түркия коңшусу менен чек араны жапты. Бул чаралар Нооруздун алдында ирандыктардын Түркияга агылган туристтерди токтотуу үчүн жасалган. Дагы бир коңшусу Афганистан Иран менен болгон аба жана кара жол каттамдарын убактылуу токтотту. Андан сырткары, Иран жана Пакистандан тооктун эти менен жумуртка алып келүүгө тыюу салды.

Афганистанда Кум шаарына барып келген үч киши коронавируска шектелип, карантинге алынып, бирок алардан илдеттин белгилери табылган эмес.

Пакистан да транспорт байланыштарын токтотту. Ал эми чек арага жакын жайгашкан Белужистан провинциясына өзгөчө кырдаал киргизди. Карачи, Лахор жана Кветта аймагындагы аэропортторунда  жүргүнчүлөр катуу текшерүүгө алынууда.

Иордан бийлиги Түштүк Корея, Кытай жана Ирандын бардык жарандарына падышалыктын аймагына кирүүгө тыюу салды. Ал эми аталган мамлекеттерден келген жарандар эки апта карантинде болуп, андан кийин гана сыртка чыгарылат. Мындан тышкары, чек ара көзөмөл өткөрүү жайларында да текшерүү күч алды.

Коронавирус тууралуу

Распространение коронавируса нового типа в Китае  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун инкубациялык убактысынын жаңы мөөнөтү айтылды
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

23-февраль күнкү эртең мененки маалыматка караганда, коронавируска дүйнө жүзү боюнча 78 766 киши кабылды. Алардын 2461и каза болуп, 23133ү сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0