Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКумшекер. Архив
Кумшекер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Булочка же шоколад жесе көпчүлүктүн маанайы көтөрүлө түшөт, бирок бул нерсе убактылуу. Ичтеги май, ден соолук көйгөйү кала берет. Глюкозаны башка нерселерден деле алса болот.

БИШКЕК, 4-фев.—Sputnik. Кумшекерден баш тарткан адам эки күндөн кийин өзүн жакшы сезе баштайт. Бул тууралуу россиялык эндокринолог Татьяна Бочарова билдиргенин РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, кумшекер таптакыр эле зыян эмес, анткени анда глюкоза бар. Ал эми глюкоза мээге, булчуңдарга керек жана ал эс алуунун гормондорун бөлүп чыгарып, маанайды көтөрөт. Бирок бул таяктын бир гана учу.

"Булочка же шоколад жесе көпчүлүктүн маанайы көтөрүлө түшөт, бирок бул нерсе убактылуу. Ичтеги май, ден соолук көйгөйү кала берет. Глюкозаны башка нерселерден деле алса болот. Алсак, ошол эле жашылча-жемиш, дан адамга керек продукт. Булар адамдын маанайын кумшекерсиз деле көтөрүп коёт", — деди Бочарова.

Кумшекерден баш тартуу кандай жыйынтыкка алып келет?

Эки күндөн кийин: тамак сиңирүү жакшырып, ичеги-карын жакшы иштей баштайт;

Международный аэропорт Дубай - Sputnik Кыргызстан
Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди
Жети күндөн кийин: теринин өңү өзгөрүп, жылмакай болуп калат. Уйку жакшырат;

10 күндөн кийин: күч жумшабай эле бир-эки килограммга арыктайсыз. Анткени кумшекерден улам организмде суюктук пайда болот. Эгер кан басымыңыз жогору болсо, ал басаңдайт. Ошондой эле жүрөккө күч келбей калат;

Бир айдан кийин: бул убакытта үч-төрт килограмм салмак таштап, уйкусуздук жоголот. Мээ жакшы иштеп баштайт. Иммунитет да жакшырат.

Эгер адам кумшекерден таптакыр эле баш тарта албаса, анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгилегендей, чоң киши бир күндө 25 грамм кумшекер колдонсо болот. Бул болжол менен беш чай кашык кумшекер. Көп дегенде 50 граммдан ашпаш керек. Ал эми балдарга күнүнө 15 граммдан ашык кумшекер берүүгө болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0