20:01 19 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8489
  • EUR75.4648
  • RUB1.0967
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
4410 0 0

Россия лидери Владимир Путин ири маалымат жыйыны учурунда журналисттин президенттик тактыга келгенден бери кайсы учурлар эң оор болду деген суроосуна жооп берди.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, өлкө башына келгенден берки өзү үчүн эң оор болгон учурларды айтып берди.

"Албетте, бул Беслан жана Дубровкадагы террордук актылар. Ошол күндөрдү, жоготууларды өмүрүм өткүчө унутпайм", — деди Путин.

Белгилей кетсек, 2004-жылдын 1-сентябрында Беслан шаарындагы №1 мектепти террорчулар туткунга алган. Эки жарым күнгө созулган бул окуяда 333 киши көз жумган. Алардын ичинен 200гө чукулу балдар болчу.

Ал эми Дубровка терактысы 2002-жылы болгон. Анда согушкерлер "Норд-Ост" мюзикли учурунда театр кызматкерлери менен көрүүчүлөрдү барымтага алып, 100дөн ашык киши каза тапкан.

Бул эки каргаша тең Путиндин биринчи президенттик мөөнөтүнө туш келген.

Тема боюнча

Путин СССРди жетектегендердин эң негизги катасын айтты
Белгилер:
терроризм, президент, Владимир Путин

ЭҢ МААНИЛҮҮ