Парижде туулган. Грузиянын жаңы президенти Зурабишвили жөнүндө 12 факты

© AFP / Vano ShlamovКандидат в президенты Грузии Саломе Зурабишвили
Кандидат в президенты Грузии Саломе Зурабишвили - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грузияда кечээ президенттик шайлоо өтүп, саясаттын тараза ташы аял талапкер, Францияда туулуп-өскөн жана иштеген 66 жаштагы Саломе Зурабишвили тарапка ооду. Кызыгы, ал - мындан туура 100 жыл мурда Грузиядан француз жерине качып чыгып кеткен саясий эмигранттын небереси. Кыязы, аны түпкү мекендин тузу кое бербеген өңдөнөт.

30 жыл иштеген Францияны таштап, анын жарандыгынан баш тартып, Грузияга, эл башына келди.

Киндик каны Парижде тамган. Саломе Зурабишвили Франциянын Париж шаарында 1952-жылы 18-мартта жарык дүйнөгө келген. Грузиянын саясий эмигранттарынын үй-бүлөсүнөн чыккан. Анын чоң атасы Иван Иванович Зурабишвили көз карандысыз Грузиянын өкмөтүнүн курамында иштеп, cовет бийлиги келгенден кийин 1918-1920-жылдары Францияга качып чыгып кеткен. 

© AFP / VANO SHLAMOV2004-жыл, 20-март, Тблиси шаары. Михаилом Саакашвили Франциянын Грузиядагы элчиси Саломе Зурабишвили менен. Бул аялдын бир нече жылдан кийин Грузиянын президенти болуп калары кимдин оюна келиптир
Посол Франции в Грузии Саломе Зурабишвили - Sputnik Кыргызстан
2004-жыл, 20-март, Тблиси шаары. Михаилом Саакашвили Франциянын Грузиядагы элчиси Саломе Зурабишвили менен. Бул аялдын бир нече жылдан кийин Грузиянын президенти болуп калары кимдин оюна келиптир

Билими. Саломе Зурабишвили саясий илимдер боюнча Париж институту менен АКШдагы Колумбия университетинен билим алган.

Мамлекеттик ишмер, өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин бирден-бир атаандашы болгон. Насирдин Исанов тууралуу 7 факты
Эл аралык уюмдардагы тажрыйба. 1977-1980-жылдар аралыгында Франциянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү болгон. Андан кийинчерээк НАТОдо, ЕККУда да өкүлдүк милдетти аркалаган.

Элчилик чыйыры. Саломе Зурабишвили Франциянын дипломаттарынын катарын толуктап, бир топ элчиликтерде иштеген. 1974-1977-жылдары Франциянын Италиядагы элчилигинин 3-катчысы болгон. Кийинчерээк Франциянын АКШдагы, кийин Чаддагы элчилигинде иштеген.

Түпкү мекенге кайтарган элчилик кызмат. 2003-2004-жылдары Зурабишвили түпкү мекени Грузияга Франциянын элчиси болуп келген. Ошол эле жылы, тагыраагы Михаил Саакавшилинин тушунда, 2004-жылы Грузиянын тышкы иштер министри болуп дайындалып, 2005-жылга чейин иштеген. 

© AP Photo / Misha Japaridze2005-жыл, 31-март, Бишкек шаары. Курманбек Бакиев Грузия менен Украинанын ал кездеги ТИМдери Саломе Зурабишвили жана Борис Тарасюк менен
Президент КР Курманбек Бакиев приветствует МИД Грузии и Украины - Sputnik Кыргызстан
2005-жыл, 31-март, Бишкек шаары. Курманбек Бакиев Грузия менен Украинанын ал кездеги ТИМдери Саломе Зурабишвили жана Борис Тарасюк менен

Саакашвилини сындай коем деп… Министрлик кызматтан Саакашвилини элдин көзүнчө сындай коем деп бошотулган. Бир жарым жылдан соң күз айларында "Грузия жолу" деп аталган оппозициялык партияны түзөт. 2007 жана 2009-жылдардагы акцияларга активдүү катышат. Туптуура беш жылдан кийин Грузиянын саясат айдыңынан кеткендигин жар салган. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Иранга каршы санкциялар боюнча 2015-жылга чейин иштеген.

Окутуучулук өнөрү. 2006-2015-жылдары Франциянын саясий илимдер институтунда сабак берген. Буга анын Франциядагы жана эл аралык бир катар уюмдардагы бай тажрыйбасы жакшы жардамчы болгон.

Чагылган түшкөндөй жаңылык. 2013-жылы Зурабишвилини тааныган эл аралык коомчулуктун бир топ өкүлдөрү жана грузин эли күтүлбөгөн кабар уккан. Мындан туура бир кылым мурда Грузиядан чыгып кеткен аткаминердин небереси кайрадан түпкү мекенине кайтып келип, эл башкарууга аттанган. Анткен менен саясатчы аялды кучак жайып тосуп алышкан эмес. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы анын кош жарандуулугунан улам (Франция жана Грузия) президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан. Анткен менен өжөр талапкер 2016-жылы октябрда Грузиянын парламентине көз карандысыз талапкер катары келип депутат болгон. 

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСаломе Зурабишвили 30 жыл иштеген Францияны таштап, анын жарандыгынан баш тартып, Грузияга, эл башына келди.
Подготовка к выборам в Грузии - Sputnik Кыргызстан
Саломе Зурабишвили 30 жыл иштеген Францияны таштап, анын жарандыгынан баш тартып, Грузияга, эл башына келди.

Экинчи жолку аракет, II турда чечилген тагдыр. 2018-жылы президенттик шайлоого кайрадан катышарын айтып, Франциянын жарандыгынан баш тарткан. Ошентип 2-турда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алып, президент болуу шыбагасы буюрду.

Сыйлыктары. Саломе Зурабишвили Франциянын Ардактуу легионунун ордени жана Франциянын намысы деп аталган улуттук орден менен сыйланган.

Үй-бүлөсү. Саломе Зурабишвили күйөөгө эки ирет чыккан. Биринчи никесинен — иран-грузин тектүү Николоз Гугушвилиден Теймураз аттуу уулу жана Кетеван аттуу кызы бар. Баласы дипломат, БУУнун миссиясында, Нью-Йорк шаарында иштейт. Ал эми кызы журналист, француз телеканалдарынын биринде спорттук берүүлөрдү алып барат. Ал эми экинчи күйөөсү грузин философу, тарыхчы жана публицист Анри Жашия 2012-жылы дүйнөдөн кайткан. 

© Sputnik / Александр Имедашвили / Медиабанкка өтүү66 жаштагы Саломе Зурабишвили
2-й тур президентских выборов в Грузии - Sputnik Кыргызстан
66 жаштагы Саломе Зурабишвили

Франция эмне деди. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Саломе Зурабишвилинин жеңиши, президент болушу менен куттуктады. Европадагы эң маанилүү мамлекеттердин бири Зурабишвили менен эриш-аркак иштөөгө, эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө ниет артканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0