17:04 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Видео

UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады

Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченко Жессика Андраденин беттеши (19)
192 0 0
© YouTube / UFC Russia

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Валентина Шевченко менен бразилиялык Жессика Андраденин беттешинин промо видеосун чыгарды.

Кыргызстандык чемпион кыздын беттешин утурлаган ролик UFC уюмунун расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Видео UFC уюмунун комментаторлору бир учурда эки дивизиондун чемпиондугун ээлеген Аманда Нуньеске тең келе турган мушкер айым ким болорун талкуулап жаткан жерден башталат. Алардын пикиринде, Нуньеске Шевченко гана чакырык таштай ала турган жалгыз талапкер.

"Ким чакырык таштай алат деп ойлойсуң! Сен анын ким экенин билесиң! Валентина Шевченко", — деген алып баруучулардын бири.

Видеодо ошондой эле алдыдагы мелдештин башкы беттештерине чыгуучу мушкерлердин даярдыктары, алардын мурдагы таймаштарындагы мыкты нокауттары, жыга чапкан соккулары көрсөтүлөт.

"Жеңил салмактын ханышасы эң жеңил салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде менен кез келет", — деп айтылат видеодо.

Роликте байкалгандай, Шевченконун машыгуусу Невада штатында Боулдер Сити шаарында өткөн. Бул болжол менен Лас-Вегастын түштүк-чыгыш тарабынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилле шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Мушкерлер кечесине COVID-19 пандемиясы башталгандан бери алгачкы ирет көрүүчүлөр киргизилет. Алардын саны чектелбейт. Март айынын соңунда UFC башчысы 15 миң көрүүчү катышчу спорттук иш-чаранын билеттери бир нече мүнөттөрдө эле сатылып кеткенин айткан.

Тема:
Валентина Шевченко Жессика Андраденин беттеши (19)

Тема боюнча

Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Белгилер:
видео, Жессика Андраде, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ